Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Тони Блер “Европа биримдигинин кеңейтилиши анын бөлүнүүсүнө чекит койду” деди


ЛОНДОН. Британиянын премьери Тони Блэр бүгүн Европа өгүгүү жана кайра куруу банкынын жылдык чогулушуна катышты. Ал жыйында Евробиримдиктин кеңейүү маселесине токтолуп: “1–майда 10 өлкөнүн Евробимдикке кошулушу Европанын эки жак болуп бөлүнүсүүнө чекит коет”, - деди.
Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы 1991-жылы мурдагы коммунисттик өлкөлөрдүн базар экономикасына өтүүсүнө жардам берүү үчүн курулган. Банк өзү жардам берип жаткан Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрү рефома жүргүзүү боюнча бир топ алга кетти деп эсептейт. Банк - бул өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү деңгээли Батыш Европа өлкөлөрүнүкүнө караганда бир канча төмөн экендигин да белгилейт.
Банктын жылдык жыйынында Жан Лемьер банктын төрагасы болуп кайра шайланды.

XS
SM
MD
LG