Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Гаага соту Сребренницада болгон кыргынды “геноцид” деп атады


ГААГА. Бириккен Улуттар Уюмунун согуш кылмыштары боюнча Гаага трибуналы 1995-жылкы Сребреницада болгон кыргынды “геноцид” деп дагы бир ирет чечим чыгарды. Трибунал бул чечимди босниялык сербдердин жетекчилеринин бири, генерал Радислав Крстичтин аппеляциялык арызын кароо учурунда жарыя кылды.
Радислав Крстич мурда “босниялык сербдердин аскерин баштап барып, Серебриница шаарында 7 миң мусулманды кырууга катышкан” деп айыпталган. Аппеляциялык арыз берген генерал “мусулмандарды кырайын деген менин оюм жок болчу. Геноцид деп айткыдай ал жерде көп деле адам өлгөн эмес”, - деди.

XS
SM
MD
LG