Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА ЖАГДАЙ КУРЧУШУ МҮМКҮНБҮ?


Бурулкан Сарыгулова, Прага “Хамас” уюмунун лидери Абдел Азиз Рантисинин өлүмүнөн улам Жакынкы Чыгышта жагдай курчуп кетиши толук ыктымал. Эл аралык эксперттер акыркы окуяга байланыштуу ушундай божомолдорду айтып жатышат. Бул аралыкта Израил бийлиги да, Палестиндердин “Хамас” тобу да бири-бирине тиш кайрап, беттегенинен кайра тартпастыгын жарыялашууда. Абдел Азиз Рантиси ишемби күнү Израил аскерлери тарабынан өлтүрүлүп, бул окуя дароо эл аралык коомчулукта нааразы пикирлерди жараткан болчу.

Абдель Азиза Рантисинин өлүмүнө удаа эле Сириядагы, Ливандагы жана Иорданиядагы палестин качкындары нааразылык акциялары менен көчөгө чыгышты. Шийилердин “Хезболла” уюму “Хамастын” башчысынын өлүмү үчүн Шарондун өкмөтүн колдоп жаткан Кошмо Штаттар түздөн түз жоопкер” деген билдирүү менен чыкты.

Палестиндердин тарапкерлери “Хамас” уюмунун лидеринин өлтүрүлүшүн Израил өкмөт башчысы Ариэл Шарондун Жакынкы Чыгышка байланышкан жаңы саясатынын бир өңүтү катары баалап жатышат. Бул Шарон менен АКШ президенти Буштун жолугушуп, Жакынкы Чыгышты жөнгө салуу планын талкуулап кайткандан кийин Рантисинин өлтүрүлүшү менен негизделүүдө.

Палестин Лидери Яссир Арафат АКШ менен Израилге кайрылып, жеке башчыларды жок кылуу аркылуу Жакынкы Чыгышты жөнгө салууга болбой тургандыгын белгиледи:

- Бул ыкма тынчтыкка алып барбайт. Мен аларга (АКШ менен Израилге) эскертип коеюн, “жол картасы” төртүлүк (АКШ, БУУ, ЕБ, Орусия) аркылуу сунушалып жатат. Жол картасынан кандайдыр бир чегинүү болсо, ал кандай гана болбосун, бүткүл Жакынкы Чыгыштагы туруксуздукту күчөтөт.

Террорчул аракеттерге каршы күрөштү жалпы принциптерге ылайык жүргүзүү керектигин кечээ Рантисинин өлүмүнө байланышкан билдирүүлөрүндө эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү да айтышкан. Бирок, Израил өкмөт башчысы Ариэл Шарон өз элинин коопсуздугун камсыздоочу кадамдарга барбай кое албасын кечээ ачыктады:

- Бүгүнкү же эртеңки киши өлтүргүчтөр биздин элге кандайдыр бир зыян келтиришине эч качан жол бербейбиз. Мындай аракет кылгандарга сокку урулат. Биз тынчтыкты издеп атабыз, бул кыялыбыздагы иш, бирок, куралыбызды таштабайбыз.

Талдоочулар Шарон өкмөтүнүн мындай батыл аракетин палестиндерди калкалаган “Хамас” уюмунун таасирдүү лидерлерин жок кылуу максаты менен байланыштырышууда. “Хамасчылар” болсо өз кезегинде жаңы лидерин дайындаганы тууралуу маалымат таратып, бирок, коопсуздукту сактоо максатында, анын ким экендигин жарыялай элек. Эксперттер окшош жагдайда Израил аскерлери тарабынан ракета менен атып өлтүрүлгөн эки лидер - Шейх Яссин менен Абдел Рантисинин ордун саясий кеңештин кайсы мүчөсү болсо да ээлей алат дешет. Бирок, алардын ичинен Яссиндин оң колу саналган Исмаил Ханиа менен Махмуд-ал-Захардын аты көбүрөөк аталууда. Исмаил Ханиа буга чейин жөөт мамлекетин жок кылмайынча жаны тынбасын билдирген.
Ал эми ал-Захар кечээ Израилге каршы куралчан саясатын кылчактоосуз жүргүзөөрүн жарыялады:

- Израил бизди багындыра албайт. Биз колубузга курал алып, күрөштү улантууну көздөп жатабыз.

Америкалык “Тайм” журналы Шарондун баштаган Израил өкмөтүнүн саясаты Жакынкы Чыгышта палестин лидери Арафатка караганда, “Хамас” уюмунун таасирин күчөтүп жатканын белгиледи.
Батыш эксперттери бул аралыкта азыркы кырдаал “Хамастын” террорчул аракеттерин Жакынкы Чыгыш алкагынан чыгарыш ыктымалдыгын да эске салышууда.
XS
SM
MD
LG