Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

ИВАН ГАШПОРОВИЧ- СЛОВАКИЯНЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТТИ


Сапар Орозбаков Ишемби күнү болгон президенттик шайлоонун экинчи турунда словактар мурдагы преммер министр Владимир Мечиарды эмес, ага салыштырмалуу бир кыйла токтоо саясатчы Иван Гашпаровичти тандап алышты. Шайлоо комиссиясынын жекшемби күнкү алдын ала маалыматтарына караганда, Иван Гашпарович добуштардын 60% жакынын алып, президенттик шайлоодо жеңип чыкты.

Словакиянын финансылык рыногу Владимир Мечиар жеңип чыгат деп, улуттук валюнанын курсунун көтөрүлүшүн күткөн болчу. Анткени премьер-министр болуп иштеген Владимир Мечиар шайлоонун биринчи турунда Иван Гашпаровичтен 10% көп добуш топтоп, биринчи орунга чыккан.
Бирок күтүүсүз жерден словактар экинчи турда добуштардын көбүн Иван Гашпаровичке беришти. Шайлоо комиссиясынын жекшемби күнкү алдын ала берген маалыматтарына караганда, Иван Гашпарович добуштардын 60% жакынын алып, Владимир Мечиарды ишенимдүү жеңип чыккан.

Аналитиктер шайлоочулар сындалып келген бул эки саясатчынын ичинен түзүгүрөөгүн тандап алды деген ойдо. Батыш Мечиарды, 1990-жылдардын биринчи жарымында премьерлик кызматта турганда, авторитардык башкарууга жол бергендиги жана майда улуттардын маселерине көңүл бөлбөөгөндүгү үчүн сындап келген.

Гашпарович өзүнүн шайлоо өнөктүгүндө өлкөдө экономикалык жана саясий реформалар жакшы жүрбөй жаткандыгын белгилеп, азыркы өкмөттү сынга алууга басым жасады. Бирок ал президент болуп шайланып калса, эмне кылары жөнүндө конкреттүү эч нерсе айткан жок. Гашпорвич шайлоочулар менен жолугушканда Премьер-министр Микулаш Дзуринда жана Парламеттин спикери Павел Хрузовский менен иштешүү оңой эмес болорун, бирок Словакиянын келечеги үчүн, анын Евробиримдикке жеңил кириши үчүн алар менен иштешүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошентип словактар мурда Коммунисттик партияга кызмат кылганына карабай, президенттикке Гашпоровичти тандап алышты. Аналитиктер Мечиардын өтпөй калышы аны сүрөөгө алган Дзуринданын өкмөтү үчүн чоң сокку болду дешет. Төрт партиядан түзүлгөн бул коалициялык өкмөт парламенттик шайлоодо да көпчүлүк орунду ала албай калган болчу. Ал өз мөөнөтүнө жетпей 2006-жылга чейин тарап кетет ко деген жоромол айтыла баштады.
XS
SM
MD
LG