Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

ЖЕКЕ ЧАРБАЛАР ОРДУНА КООПЕРАТИВДЕР КЕЛЕБИ?


Жума башынан бери Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кооперативдер жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Бул мыйзам өлкөнүн айыл чарбасында кооперативдерди түзүү жагын караштырат.

Президент тарабынан 25-мартта сунушталып, 19-апрелде Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан карала баштаган «Кооперативдер жөнүндөгү» мыйзам долбоору өлкөнүн айыл чарбасын андан ары реформалоонун уландысы экенин өкмөт аппаратынын башчысы Бекболот Талгарбеков билдирген. Мыйзамда жеке менчик чарбалардын биригип, кооператив түзүүсү, кооперативдердин андан ары бирикмелерге кошулуусу каралган. Кооперативге дыйкандар мүлктүк үлүшү менен кире алат жана алардын саны жети кишиден кем болбош керек. Жер үлүшүн кооперативдин пайдалануусуна берген дыйкан, эгерде кооперативден чыгууну кааласа- үлүшүн алып чыгып кете алат.

Бул мыйзам долбоору, бирок айрым депутаттар тарабынан сынга алынууда. Маселен, жыйындын төрагасынын орун басары Болот Худайбергенов ири айыл чарба бирикмелерине киргизилген кошумча нарк салыгын алып салмайын, коопертивдерди түзүү аракети ишке ашпасын айтып, буларга токтолду:

- Азыр дыйкандардын менчик үлүшү-жери бар. Мыйзамга жазылып жатат-жер үлүшү менен кооперативге кире албайт деп. Малы жок, техникасы жок. Төрт-беш гектар жеринен башка эч нерсеси дыйкан кооперативге анан кантип кире алат?

Депутат Абсамат Масалиев мындай мыйзам керектигин белгилөө менен, аны кабыл алууда колхоздорду жоюуда аман калган ири чарбалардын тажрыйбасын үйрөнүүнү, айыл чарбасындагы бул маселени комплекстүү карап туруп чечүүнү сунуштады:

- Мыйзамдын долбоорунда негизинен жер жөнүндө сөз болуп жатат. Жер дегенде биз эч качан мал чарбасын андан бөлөк карай албайбыз. Жер дегенде-картошка, пахта, тамеки, жашылча жана башкаларды таштай албайбыз. Бул маселени комплекстүү караш керек .

Анын айтымында, жерди которуштуруп айдоо, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жактарын бирге кароо зарыл.

Ал эми депутат Орозбек Дүйшеев 1990-жылдарда жүргүзүлгөн колхоздорду жоюу саясатын кескин сынга алып, бул мыйзамды кабыл алуу аракети мына ошол катачылыкты моюнга алууга барабар деген оюн билдирди. Бирок депутат Акылбек Жапаров убагында жерди бөлүштүрүп берүү туура кадам болуп, элди ачкачылыктан сактап калганын, ал эми кооперативдерди түзүү жаңы шартта ишке ашырылаарын белгиледи.

Депутат Марат Султанов 1990-жылдардагы айыл чарбасында реформаларды жүргүзүүдө катачылыктарга орун берилгенин мындайча сыпаттады:

- Айыл чарбасынын өнүгүшүнүн эки багыты бар. Биринчиси- кооперативдик , экинчиси-фермердик. АКШда фермердик багыт өнүккөн. Ал жакта жер көп болгондуктан чарба жүргүзүүнүн мына ошол жолу өнүккөн. Ал эми бизге окшош жери азыраак Европада кооперативдик багыт өнүккөн. Биз реформанын башында мына ошол америкалык багытка ооп кеткенбиз.

Анын айтымында, Кыргызстанда Германиянын тажрыйбасында кооперативдерди өнүктүрүү максатка ылайыктуу.

Айрым депутаттар, дыйкандар менчик үлүш жерлеринде которуштуруп айдоо жана башка агротехникалык талаптарды аткарбагандыктан? алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү ченелүү болгондуктан түшүмдүүлүк төмөндөп, өндүргөн продукцияны сатуу, кайра иштетүү жагы оорлоп жатканын белгилөө менен бул маселелерди кооперативдер чечеерин айтышты.

Бирок, шейшембидеги талкууда ири дыйкан чарбаларга салынган кошумча нарк салыгын алып салмайын «Кооперативдер жөнүндөгү» мыйзам иштебесин, андан сырткары мыйзамга бир катар кошумчалар киргизилүү керек деген сунуштар көп болгондуктан мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу жыйындын агрардык комитетине тапшырылды. Ал эми комитет төрагасы Бөрүбай Жураевдин айтымында, бул мыйзам долбоору апрель айынын ичинде кабыл алынууга тийиш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG