Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

КЫРГЫЗСТАНДА КОРРУПЦИЯ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖОГОРУ?


Дүйнө мамлекеттериндеги коррупциянын деңгээлин иликтеген «Transparency international” эл аралык уюму жакында жылдык докладын жарыялады. Анын иликтөөсү боюнча, Кыргызстан байкоо салынган 133 мамлекеттин ичинен 118инчи орунду ээледи. Буга Кыргызстандын мамлекеттик кызматчылары менен саясатчыларынын арасында коррупциянын өтө жогору деңгээлде өнүккөндүгү негиз берет.

«Transparency international» эл аралык уюму дүйнөдөгү 133 мамлекеттеги коррупциянын деңгээлин 10 баллдык ченем менен өлчөгөн. Анын жыйынтыгында, иликтөөгө алынган мамлекеттердин 70 процентинде коррупциянын деңгээли 5 баллдык көрсөткүчкө жетпей тургандыгы анык болгон. «Transparency international» уюмунун башкармалыгынын төрагасы Питер Айгендин билдирүүсү боюнча, өнүгүп жаткан мамлекеттердин онунун тогузу 5 баллдык көрсөткүчкө жетпейт. Демек, бул мамлекеттердин өкмөттөрү коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясын иштеп чыгып, анын натыйжасына жетүү чараларын тезинен көрүүгө милдетүү. Ал эми ал чаралардын ийгиликтүү болушуна эл аралык уюмдар жана өз өлкөлөрүндөгү атуулдук коомдун көзөмөл салуусу абзел.

Эл аралык уюмдун мындай көрсөтмөлөрүн эске алганда, Кыргызстан бул жагынан КМШдагы мамлекеттердин алдында бара жатат. Анткени, коррупцияга каршы күрөшүү милдети алдыга коюлуп, ал бир нече программаларга киргизилген. Андан тышкары былтыр кабыл алынган «Демократиялык кодексте» да камтылып, «Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш» түзүлгөн.

Бирок, «Transparency international» уюмунун иликтөөсү боюнча, Кыргызстанда коррупциянын деңгээли жогору жана ал мамлекеттик кызматчылар менен саясатчылар арасында күч. Эл аралык уюмдун мындай бүтүмгө келүүсүнө кандай көрүнүштөр негиз берди? Кыргызстандын жер-жерлериндеги коррупциянын көрүнүштөрүнө байкоо салган бейөкмөт уюмдардын бул суроого жооп берген өкүлдөрү ага эң ириде экономикалык кыйынчылык, жумушсуздук жана коррупцияга барган кызматкерлердин жазасыз калганы негиз бергендигин билдиришти. Алардын бири, Өзгөн районундагы Атуулдук укукту коргоо жана жумушсуз жаштарга жардам берүү боюнча «Элиза айым» аттуу коомдук фонддун Ратхан Исраилованын айтымында, азыр коррупция мектептен башталып, окуучулар эрезеге жеткенде коррупцияны ийне-жибине чейин билген адам болуп чыгышууда. Ага кириптер кылган жагдай тууралуу ал:

- Себеби, мектеп окуучулары мектепке барыш үчүн кийим керек. Кийим сатып бериш үчүн ата-энеде акча болуш керек. Ата-эне акчаны табыш үчүн бир жерде иштеш керек. Иштеш үчүн бирөөгө акча берип туруп, анан кызматка орношуш керек болуп жатпайбы. Бул коррупция да! Мектеп жашындагы ар бир баладан «Коррупция деген эмне?» деп сурасаң, «Коррупция деген бул: мен окууга барбайм, ал үчүн сиз мага 10 сом бересиз, акчаны болсо мен мугалимге алып барып берем. Анан мугалим сабакка барбаган күнүмдү оңдоп, «келди» деп жазып коет» деп түшүндүрүшөт. Демек, алар мектептен эле коррупцияга даяр болуп чыгып жатышпайбы… - деп билдирди.

Ал эми жаштардын Жалалабад шаарындагы укук коргоо тобунун координатору Абдыназар Маматисламовдун ою боюнча, коррупциянын гүлдөшүнө мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн жазасыз калышы өбөлгө түзүүдө:

- Коррупциянын өнүгүшүнүн негизги себеби- кызматта жүргөн адамдардын жасаган кылмыштары үчүн жаза берилбей калганы болууда. Ошондуктан, ал өнүгүп-өсүп жатат. Ага коом, анын ичинде жаштар да көнүп, улуттук салтка айланып бара жатат. Эл аралык уюм жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы эң туура. Бирок, ага каршы күрөшүү боюнча эч кандай аракет болгон жери жок. Коррупция менен күрөшүү деген бул бийлик үчүн же ага каршы күрөшүү эмес. Бул бийлик менен жалпы коомдун коррупцияга каршы бирге күрөшү.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын пикиринде, кыргыз бийлигинин «Акыйкат башкаруунун улуттук кеңешин» түзүп, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча БУУнун конвенциясына кошулушу эл аралык коомчулуктун алдында жакшы аброй түзүү үчүн гана атайылап жасаган аракети гана болууда:

- Эң өкүнүчтүү жери-бийлик инвестиция жана акча алганга гана аракет кылып, реформа таза жана так жүрүш үчүн эч кандай аракет кылган жери жок. Элди эч бир жакшылыкка алып келбей, телевизордон курулай сөздөрдү гана айткан саясат болуп жатат.

Ал эми Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин төрагасынын орун басары, президенттик администрация жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков ага макул эмес:

- Коррупциянын мындай көрүнүштөрү бүткүл мамлекеттерде бар. Ошон үчүн акыйкат башкаруунун негизги багыты-коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү. Биздин өкмөтүбүздүн, президентибиздин жана мамлекеттик бардык органдардын бүгүнкү күндө жүргүзгөн ишинин негизги максаты-акыйкаттык ачыктык болсун жана ар бир мамлекеттик уюм мыйзам чегинде белгиленген милдеттерин так, айкын аткарып берсин деген аракет. Ал эми экономикалык, коррупциялык кылмыштарга баргандар жоопко тартылып жатат. Алардын саны он, жүз эмес, миңдеп саналат. Ал эми оюна келгендерди жазып жаткан бейөкмөт уюмдардын пикирлерине мен кошула албайм.

XS
SM
MD
LG