Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

Британияда Европа Биримдигинин конституциясы боюнча референдум өткөрүлөт


Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр бүгүн парламентте чыгып сүйлөп, Европа Биримдигинин жаңы конституциясы боюнча Британияда жалпы элдик референдум өткөрүүнү сунуштады. Мурда Блэр андай референдумга каршы чыгып келген. "Референдумга келишим боюнча суроо коюлат, бирок анын мааниси алда канча кеңири, аны баарыңар билесиңер. Биздин өлкө, Британия, Европада чечим кабыл алуу жараянынын чордонунда болууну каалайбы же каалабайбы деген маселени биротоло чечип салуу керек", - деди Блэр. Дания, Ирландия жана Люксембург референдум жүргүзүү боюнча чечим кабыл алышкан. Эгер референдум өткөрүлсө, анын жыйынтыктарын Биримдикке мүчө бардык 25 мамлекет бекитүүгө тийиш. 1-майдан тартып уюмга 10 жаңы өлкө мүчө болуп кошулат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG