Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулоодо


Кечээ күнү Нью-Йоркто Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин шашылыш жыйыны башталды. Алжир даярдаган резолюция талкууланууда жана анда Израил жетекчилигинин акыркы аракеттери сынга алынат. Ишемби күнү Газа шаарында жөөт аскерлери ракета менен "Хамас" уюмунун жетекчиси Абделазиз ал-Рантисинин машинесин атып, аны өлтүргөн. 22-мартта ошондой эле ыкма менен "Хамастын" руханий жетекчиси Шейх Ахмед Яссин өлтүрүлгөндө, араб мамлекеттери Коопсуздук Кеңешине окшош резолюция сунуштаган, бирок 25-мартта АКШ ага вето салган. Израил жетекчилигинин айтымында, бүгүн анын аймагына Палестина тараптан колго жасалган бир нече ракета атылды.

XS
SM
MD
LG