Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Ирактын Фаллужа шаары дагы эле америкалык курчоодо


Ирактын Фаллужа шаары апрелдин башынан бери америкалык аскерлердин курчоосунда кармалууда. Акыркы күндөрдө шаар салыштырмалуу тынч. Атын атабаган ирактык полициячынын айтымында, жакын арада аскерлер шаарга кирет: "Полиция шаарга кирүүгө даярданууда, качкындарды кайтаруу боюнча дагы кам көрүлүп жатат. Шаарга кайтып келүүгө бир нече үй-бүлөгө уруксат берилди. Башкаларды кайтаруу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана жалпысынан эч маселе жок". Анткен менен бүгүн эртең менен шаарда бир куралдуу кагылышуу болду, ал эми Багдаддагы абакка бүгүн чабуул жасалып, 18 мина тийгенден 21 адам курман болуп, дагы жүзгө жакын киши жараат алды.

XS
SM
MD
LG