Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

ОРУСТАР ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮ ЖЕК КӨРӨБҮ?


Сапар Орозбаков Чачтарын таптаза кылып кырып алган жаштардын, башкача айтканда кырмабаш- скинхеддердин тобу сабап кеткенден кийин ооруканада көз жумган оогандык адамдын окуясы Орусиядагы гезиттердин биринчи бетине чыкты. Бул биринчи окуя эмес.

Март айында Санкт-Петербургда футбол күйөрмандарынын колунан сириялык студент каза тапкан. Февралда Воронежде да гвинеялык студентти өлөрчө сабап кетишкен. Ошол эле айда милиция 9 жаштагы тажик кызды өлтүрдү деп скинхеддерди айыптады. Орустардын көбү чынында эле, укук коргоо уюмдары билдирип жүргөндөй, чет өлкөлүктөрдү жек көрүшөбү?

Орусиянын жаштары арасында социологиялык изилдөө жүргүзгөн Санкт-Петербург университетинин профессору Анатолий Козлов мындай пикирге кошулбайт.

А. Козловдун айтымында, азыркы жаштар - мурдагы баалулуктар жокко чыгарылган чуулгандуу акыркы 10 жылдыкта эрезеге жеткен жаштар. Ошондуктан алар Орусиянын коомчулугунун азыркы абалынын күзгүсү болуп саналат. Профессор расага бөлүүчүлүк жана шовинизм өзгөчө чоң шаарларда кездешээрин белгилейт. Бирок Козлов аны акыркы жылдарда бул чоң шаарларда болуп өткөн өзгөрүүлөрдү эске алуу менен кароо зарыл дейт:

- Биз улутчулдук жөнүндө айтып жатабыз. Чоң шаарларда бул көйгөйлүү маселе. Анткени алар - этностук аралашуунун казаны. Аябагандай чоң ички жер которуштуруу болду. Эсиңиздедир, 1980-жылдардын аягында Санкт-Петербургда орус этносу 91-92% болсо, азыр болжол менен шаар калкынын 22-23%ын акыркы 10 жыл ичинде келген келгиндер түзөт. Албетте,бул таасир берет. Бул – жөн эле сокку. Албетте, бул тирешүүгө алып келет. Бирок мен бул ошончолук эле үрөй учурарлык нерсе деп ойлобойм. Эл бири бири менен акырындап көнүгүшүп кетет. Алар бири- бирин душман тутпай калышат. Келгиндер бош орунду ээлеп калышат.

Сурамжылоого алынган жаштардын 29% өздөрүн сөздүн кайсы бир маанисинде улутчулбуз деп эсептешет. “Улутчулдук деген эмне?” деген суроого алар “улуттун маданияты, тарыхы, салттары жана адабияты менен сыймыктануу” деп жооп беришкен. Сурамжылангандардын үчтөн экиси болсо өздөрүн таптакыр улутчул эмеспиз дешкен. 6% гана экстремисттик топторго киребиз деп түшүнүшөт.

Проф. Козлов чет өлкөлүктөргө жана тили бурууларга карата зордук зомбулуктун өсүшү жаңы экономикалык шарттка ылайыкташа албай бөлүнүп калган азчылыкты түзгөн топтун коомдук абалына байланыштуу деген пикирде:

- Мен “бул таң калыштуудай көрүнүш чындыгында абалдын жакшырып баратканын көрсөтөт” деген парадоксалдуу бүтүмгө келдим. Алар көпчүлүк жаштардын мамилесин чагылдырбайт. Көпчүлүк элде экстремизмге каршы мамиле өсүп барат. Бул топ болсо бөлүнүп калгандыгын сезип ушундай иштерге барышат. Алар коомдон бөлүнүп калгандыктан, өздөрүнүн тирөөчүн жоготкондой сезишет. Ошондуктан алар өздөрүн ошондой түрдө көрсөтүшөт .

Проф. Козловдун айтымында, орусиялык жаштардын көпчүлүгү чет өлкөлүктөрдү кодулайын деп ойлошпойт. Бирок алар чет өлкөлүктөрдү сабап жаткан экстремисттерди көрсө, жапа чеккен адамга жардам бербейт.
Козловдун сурамжылоо жүргүзгөн социологдор тобу “Эгерде белгилүү террористти көрүп калсаң, милицияга барып айтар белең?” деп сураган. Жооп бергендердин 26% гана “Барып айтар элем” деп жооп берген.

Мындан улам алар“кырмабаштар чет өлкөлүк адамды сабап жатканын көрүшсө да айтпайт” деген бүтүм чыгарса болот. Профессор орустардын мындай илең-салаңдыгы милициянын жаман иштешине байланыштуу экенин эскертет. Бирок проф. Козлов милиция менен байланышууну каалабагандар мурда 7% болгонун, азыр болсо абал бир топ жакшырганын белгилейт.

Укук коргоочу Александр Петров болсо аны бийликтердин, өзгөчө жергиликтүү бийликтердин этностук азчылыктын укуктарын коргоо багытында эч кандай иш жүргүзбөй жатышы менен түшүндүрөт:

- Мамлекет жок дегенде расмий түрдө экстремизмге каршы экендигин көрсөтүшү керек. Тилекке каршы, мамлекеттик органдар, өзгөчө облусттук деңгээлдеги жергиликтүү органдар тескерисинче кылышат. Алар этностук азчылыктын өкүлдөрүнө зомбулук кылганын көрүп турушса да, көз жумдулук кылган учурлар көп эле кездешет.

Чеченстандагы согуш жана террордук жардыруулар Орусиянын ичиндеги улут аралык мамилелерге түздөн-түз таасир этүүдө. Профессор Козлов сурамжылангандардын көпчүлүгү чечендерге каршы мамилесин билдиргенин белгилейт:

- Жалпысынан чечендерге терс көз карашын билдирген адамдардын саны, мындай мамилеге өзүнүн кошулбасын билдирип келаткан Чеченстандын президенти Ахмад Кадыровду жактагандардай эле, өтө жогору. 70% чаап барат. Бирок бул адамдар кызуу кандуулукка алдырып жатат дегендикти билдирбейт. Алар чечендерди терс гана кабыл алышат. Бул “Уулуңдун чечен кызына үйлөнүүсүнө, же кызыңдын чечен жигитине турмушка чыгуусуна кандай карайт элең?” деген өңдүү суроолорго берилген жооптордон көрүнүп турат. Биз тизмеге көп улуттарды киргиздик, чечендерге келгенде эле сурамжыланган адамдардын 68%ы “Жок” дешет. Жалпы орусиялык социологиялык изилдөөлөр институту да “Чечендер менен бирге иштөөнү каалар белең?” деп суроо койгондо да, орустардын чечендерди сүйбөстүгү дагы бир жолу көрүндү.

Орусиялык профессордун айтымында, чечендерге терс мамиле, алар зордук-зомбулука алынып жатканда көз жумдулук кылуу кадимкидей эле көрүнүшкө айланды. Ал эми чет өлкөлүктөрдү жек көрүү чектен чыккан сейрек кездешүүчү көрүнүш. Профессордун оюнда, бул анча-мынча болсо да, оптимисттик маанай жаратат.
XS
SM
MD
LG