Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

ОРУСИЯ ЖАНА УКРАИНА ӨЗ АРА МАМИЛЕСИН ЫРАСМИЙ ТҮРДӨ БЕКЕМДЕШТИ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва 20-апрелде Орусиянын жана Украинанын парламенттеринде буга чейин Орусия, Беларус, Украина жана Казахстандын президенттери тарабынан кол коюлган «Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү жөнүндөгү» келишим ратификацияланды. Орусиянын Мамлекеттик думасы менен Украинанын Жогорку Радасы бир эле убакта бул документтен сырткары Украина жана Орусия алакаларына тиешелүү дагы эки башка келишимди жактырышты.

Советтер Биримдиги кулагандан берки мезгил аралыгында ырасмий Москва менен Киевдин ортосундагы алакалар бир канча ирет туңгуюкка такалып, андан соң ыкчамдуу өнүгүү жолуна түшкөндүгү да белгилүү. Бир сөз менен айтканда, бул эки славян элинин ортосунда, көптөгөн КМШ жумурияттарынын мамилелериндегидей эле, чек-ара маселеси, өзгөчө Азов деңизи жана Керчь кысыгы боюнча, андан ары орус тилдүү калктын украин жериндеги абалы, украиндердин орустардан алыстап, Европага ык алышы өңдүү проблемалар бүгүнкү күнгө чейин курч турат.

Ушундан улам, орус президенти Владимир Путин украиналык коллегасы Леонид Кучма менен ортодогу татаал маселелерди эртерээк чечүү максатында үч келишимди ратификациялоо сунушу менен Мамдумага кайрылган эле.

Алар: «Эки мамлекет ортосундагы чек-араны бөлүү», «Азов деңизин жана Керчь кысыгын биргеликте пайдалануу», ошондой эле төрт мамлекеттин ортосундагы «Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү жөнүндөгү» келишимдер. Бул келишимдерди кароо Орусия менен Украинанын парламенттеринде бир убакта өтүп жатты.

Мамдумадагы «Бирдиктүү Орусия» партиясынан башка дээрлик бардык фракциялар бул келишимдерди жактырбай тургандыктарын билдиришти. Бирок кандай гана документ болбосун, аны кабыл алуу үчүн «Бирдиктүү Орусияда» өзүнүн деле добушу жетиштүү. Ушундан улам, эксперттер буга чейин Беларус менен Орусия Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүгө макулдугун оңой эле берет деп болжошкон эле. Беларус азырынча бул келишимдерди карай элек. Ал эми Орусияда, күтүлгөндөй эле, экономикалык мейкиндикти түзүү жана чекараны бөлүү же Азов деңизи жана Керчь кысыгын биргеликте пайдалануу тууралуу келишимдер тездик менен жактырылды.

Ал эми Украинада оппозициялык партиялар бул келишимга каршы катуу турушкандарына карабастан, Жогорку Рада шейшемби күнү сунуш этилген үч негизги келишимди көпчүлүк добуш менен жактырды.

Бул келишимге дагы бир жумурият – Казахстан да кирет. Бирок казак парламенти аталган келишимди азырынча карай элек. Айрым маалыматтарга караганда, казак парламенти аны ушул аптанын ичинде талкууга коймокчу.

Негизи, эки күндөн бери Мамдумада бул маселе кызуу талкууну жаратышы бекеринен эмес. Украинанын электрондук маалымат каражаттарында берүүлөрдү мамлекеттик украин тилинде даярдоо тууралуу сунушту көпчүлүк орусиялык саясатчылар «жумурияттагы орус тилдүү калктын укугун кемсинтүү» катары кабыл алышты. Бирок Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, бул орус тилинде иштеп жатышкан теле-радио компаниялардын ишмердүүлүгүнө залалы тийбейт:

- Бул оозеки гана айтылган сунуш жана сөзсүз түрдө аткарылыш керек эмес. Орус тилинде иштеп жатышкан компаниялардын лицензиялары кайра тартылып алына элек. Биз бул тармакта бүгүнкүгө чейин иштеп келген жоболордун сакталуусун жактайбыз.
XS
SM
MD
LG