Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:12

АБУ САЙЯФ ӨЗҮН ИСЛАМ КЫЙМЫЛЫ КАТАРЫ КАЙРА ТҮЗҮҮДӨ


Бурулкан Сарыгулова, Прага Филиппин аймагында жайгашкан козголоңчул Абу Сайяф уюму азыр өзүн исламчыл кыймыл катары кайра түзүп жатат. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды. 90-жылдардын башында түзүлгөн бул топ пайда табуу максатын көздөп, каракчылык менен алектенген уюм катары саналчу. Бирок, эки жыл мурдагы АКШдагы жардыруудан кийин Абу Сайяф ал Каида менен кызматташкандыгынан шектелген уюмдардын катарына кошулган.

2001-жылдын 11-сентябрындагы жардырууларга чейин Абу Сайяф жеке пайдасы үчүн киши уурулук менен алектенген экстремисттик топ катары сыпатталчу. 2000-жылдан баштап эки жыл катары менен Абу Сайяф пайда өндүрүү максатында 140 кишини барымтага алган. Алардын ичинен америкалык туристтерди баш кылып кыйласын өлтүргөн, сүйлөшүү жолу менен кутулгандар, качып чыккандар да болгон.

Кийинчерээк бул уюм жети кишинин өлүмүнө себепкер Замбоангадагы дүр-дүйнө дүкөнүн, 2001-жылдын күзүндө рим-католик ыйык жайын, ашкананы жардырды деп шектелди. Акыркысында бир америкалык, эки филиппин атуулу өлдү.

Түштүк Филиппиндеги ушул өңдүү каз-катар жардыруулар былтыр бийликтин аеосуз күрөш башташын шарттаган. АКШнын колдоосу менен жүргөн бул күрөштө уюмдун болжолдуу саналган миң мүчөсү төрт жүзгө чейин азайганы айтылып келет. Абу Сайяфтын мүчөсү катары шектелген көптөгөн адамдар камакка алынган.

Коопсуздук кызматтары Түштүк Чыгыш Азиядагы террорчул Жамаа Исламия кыймылынан колдоо алган бул уюмдун катары учурда жаңы күч менен толуктап жаткандыгы болжолууда.

“Associated Press” агенттигине Филиппиндин коргоо министри Эдуардо Эрмитанын айтымында, бул уюмдун өзүн мурдагыдай эле радикалдык максаттары жок уюм катары көргөзүү дымагы бар. Абу Сайяфтын кармалган мүчөлөрү уюмда радикалдык көз караштан акча кызыкчылыгы артык экенин айтышат. Атайын кызматтардын баамында уюм башчыларында диний сепаратисттик көз караш күчтүү. “Уюмга аскердин кереги жок, көпчүлүктүн арасына кирип барып, чөнтөгүнө жардыргыч зат сууруп чыккан киши керек” дейт коргоо министри.

Барымтага түшүп чыккандар Хадаффи Жанжаланинин жетегиндеги аl Harakatul аl-Islamiyah аттуу ислам кыймылы азыр чет өлкөлүк жана филиппиндик адамдарды Луссон аралында согуштук аракеттерге, жардырууларга даярдап жатканын айтышат. Ошондой эле алар өткөн жылы Жоло аралында Жамаа ислам уюмуна таандык индонезиялык эки адам бул жердегилерге чөнтөк телефон, будильник саат түрүндөгү бомбаларды жасоону үйрөткөнүн белгилешет.

Өткөн айда күч бийлиги Манилада 36 килограммдык жардыргыч зат таап, бул Абу Сайяфтын иши катары бааланган. Президент Глория Оррайо мындай билдирүү жасаган:

- Биз 36 килограммдык жардыруучу зат сакталган жайды табуу менен, баш калааны Мадрид деңгээлиндеги чабуулдан сактап калдык. Бул Маниладагы гүлбакчаларды жана Метро поезддерин жардырууга ылайыкталган.

Коопсуздук кызматкеринин айтымында, Абу Сайяф уюмунун катарында азыр Ооганстанда согушкан радикалдардан тартып сепараттисттик көз караштагы мусулмандарга чейин мүчө. Анын негиздөөчүсү Абдуражак Жанжалани 1998-жылы атышуу учурунда өлгөн. Анын ордун медреседе окуган, өспүрүм курактагы иниси ээлеген.
XS
SM
MD
LG