Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:57

ТҮРКМӨНСТАН МЕНЕН БЕЛОРУСИЯ БУУ КОМИССИЯСЫН КАНАГАТТАНДЫРГАН ЖОК


Бурулкан Сарыгулова, Прага Белорусия менен Түркмөнстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы оор бойдон калууда. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комиссиясынын акыркы 60 – сессиясы ушундай тыянак чыгарды. Ушул чечимдин негизинде Комиссия постсоветтик бул эки өлкөдөгү адам укуктары жаатындагы реформаларга дагы бир жыл байкоо жүргүзмөй болду.

Бул эки өлкө боюнча резолюциянын долбоорун Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссиясы менен Европа Биримдигинин өкүлдөрү бирге даярдашкан. Эки документте тең адам укуктарынын бузулушун тастыктаган фактылар келтирилип, кырдаалды оңдоо багытында өкмөттөргө конкреттүү сунуштар берилген. Бирок, өткөн аптанын этегинде болгон бул сессиянын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү документтер боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Ошондой болсо да мүчөлөрдүн теңинен көбү комиссиянын отчетун колдоп беришти.

Белорусия менен Түркмөнстан маселеси Комиссиянын сессиясында экинчи жыл катары менен каралып отурат. Бул өлкөлөргө байкоо жүргүзүү эми дагы улана турган болду.

Маселен, Белорусияда адам укугунун бузулушу ириде бийликке каяша кылгандарды куугунтуктоо, адамдардын дарексиз жоголушу менен байланыштырылып, бул багытта олуттуу чараларды көрүү расмий бийликке сунушталды.

АКШнын Женевадагы өкүлү Ричард Виллиамсондун пикирине караганда, чечим өкмөттүн реформалоо ишинин жанданышын шарттайт. Вилиамсон резолюциядан мындай үзүндү келтирди:

- (Резолюцияда) Беларусь өкмөтү Комиссиянын атайын эрежелерине ылайык кызматташуудан, шайлоо процедураларын Европа Коопсуздук, Кызматташтык уюмунун сунушарына ылайык жүргүзүүдөн, реформадан баш тартты деп жазылып турат. Бул көз карандысыз журналисттерди, бейөкмөт уюмдарды жана тынч иш жүргүзгөн саясий каршылаштарды куугунтуктоолорго байланыштуу жазылып атат. Бул адам укугуна байланышкан кырдаалдын начардыгынан кабар берет.

Белорусияга байланышкан документти колдоп комиссиянын 23 мүчөси, каршы 17 мүчөсү добуш берди.

Европа жана Латын Америка өлкөлөрүнүн басымдуу колдоосуна татыган бул документти Белорусиянын өкүлү Сергей Алейник Ирактан алакчылатуу катары баалады. Анын айтымында, комиссия өзүнүн айрым мүчөлөрүнө аспап катары кызмат кылып жатат.

- Баары эле көрүп турат, Белорусияга айып Иракта массалык кыргын салуучу куралдардын бар, аны 45 мүнөт аралыгында пайдаланууга болот дегенди бышыктагандай эле жол менен коюлууда. Эл аралык коомчулук билдирүүлөрдүн төгүндүгүн билет. Чынында мындай аракеттер Кошмо Шаттар үчүн кадырэсе көрүнүшкө айланган.

Түркмөнстанга байланышкан резолюцияга 25 мүчө мамлекет макулдук берди. Анда айрыкча маалымат алуу эркиндигине байланышкан чектөөлөр, билим берүү, иш менен камсыздоо багытындагы орус, өзбек өңдүү улуттук азчылыктардын басмырланышы сынга алынган. Саясий ишмердүүлүктүн куугунтукка алынышына кабатырланган комиссия өкмөттү абийир туткундарын токтооосуз бошотууга чакырды. Ошондой эле комиссия өлкөдөгү кыйноолорго, соттун чечимисиз жасалган аракеттерге, сөз, дин эркиндигине байланышкан жагдайларга дагы бир жыл байкоо жүргүзүүнү чечти.

Европа Биримдигинин атынан сүйлөгөн Ирландиянын элчиси Мэри Вален Түркмөнстандагы жагдайды минтип сыпаттады:

- Өкмөт саясий оппозицияга карата анын бардык аракеттерин куугунтуктаган туруктуу саясат жүргүзүп жатат. Жакында ой айтууну, абийир, дин ишенимдерин чектеген, улуттук жана башка азчылыктарды кемсинткен чечимдер кабыл алынды. Документте 2002-жылдын ноябрында президентке кол салуу аракетинен кийин айрыкча күчөгөн камоолорго жана кыйноолорго байланыштуу өзгөчө кабатырлануу белгиленген.

Калыс бойдон калган 17 мүчө - мамлекеттин бири Орусия буга чейин эле мүчө мамлекеттерди ушундай жол менен “тарбиялоо” аракеттери ага аброй алып келбестигин билдирген.

Белгилеп койчу дагы бир жагдай, Түркмөнстан менен Белорусиядагы адам укуктарынын абалын талкуулаган бул отурумда Чечен маселеси да каралды. Бирок, үч жыл катары менен талкууга коюлган бул резолюциянын долбоору быйыл да өтпөй калды.
XS
SM
MD
LG