Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Карасуу базарындагы контейнерлерден товар уудаган кылмыштуу топ кармалды


ОШ. Контейнерлерди кулпуларын темир ара менен таарып ачып, андагы товарларды түнү менен уурдап кеткен фактылар өткөн жылдын декабрынан каттала баштаган. Апрелдин он тогузу түнү Ибрагимов Айбек жетектеген кыныккан уурулар райондук милиция кызматкерлеринин кылтагына илинди. 3 миңден ашык контейнер жайгашкан жалпы Карасуу базарынын үшүн алган кылмышкерлер 20, 21 жаштардагы жергиликитүү 4 жигит болуп чыкты. Алар буга чейин 16 миң доллар 139 миң сомдук товар уурдашкан. Учурда алардын үстүнөн тергөө жүрүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG