Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Москвада ШОСтун тышкы иштер министрлеринин отуруму өтөт


БИШКЕК. 22-апрелде Москвада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин отуруму болот. Жыйында терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-аракеттержи жүргүзүү боюнча маселелер талкууланат. Жыйында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык жана алардын ишмердүүлүгүн координациялоо жөнүндөгү протоколго кол коюлат. Кыргызстандан Москвадагы жыйынга өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков катышат. Шанхай кызматташтык уюмуна Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG