Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Бейөкмөт уюм төрагасы шаардык сотко арыз жолдоду


Бишкек. Бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова Бишкек шаардык сотуна Биринчимай райондук сотунун 15-апрелдеги чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен арыз жолдоду. 15-апрелде «Арнамыс» партиясынан учурда абакта жаткан төрагасы Феликс Куловду бошотуу талабы менен 30 жакын атуул Бишкектен Кулов отурган түрмөгө чейин жөө жүрүш уюштуруу үчүн топтолушкан. Көп өтпөй аларды милиция кызматкерлери күч менен кармап кетишкен. Ошол эле күнү Биринчимай райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акунга, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова жана «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаиловага «коомдук тартипти бузду», деген айып менен 1000 сомдон айып пул салган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG