Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Президент Аскар Акаевдин Жапонияга иш сапары башталды


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев баштаган делегация Жапонияга иш-сапары менен жөнөп кетти. Делегациянын курамында Тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Каржы министри Болот Абилдаев, парламенттин депутаттары Темир Сариев менен Шамшыбек Медетбеков жана 30 га жакын ишкер бар. Жапонияга болгон эки күндүк иш-сапары учурунда президент Аскар Акаев Жапондун императору, премьер-министри, эл аралык кызматташтык боюнча жапон агенттигинин жетекчиси жана башка расмий адамдар менен жолугушат. Сапар учурунда жапон ишкерлеринин катышуусу менен бизнес-форум өткөрүлөт. 21-апрелде Токиодо Кыргызстандын элчилиги ачылат. Кыргызстандын Жапондогу элчилигине президенттин жардыгы менен Аскар Кутанов дайындалган. Жапонго болгон сапар учурунда эки өлкөнүн ортосунда макулдашууларга кол коюлбайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG