Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

ИРАК: ФАЛЛУЖАДАГЫ СОГУШКЕРЛЕР КУРАЛСЫЗДАНАБЫ?


Ирактын коалициялык администрациясы Фаллужа шаарында түзүлгөн кырдаалды тынч жол менен жөнгө салуу үчүн сүйлөшүү өткөрүп жаткан тараптар макулдашууга жетишкенин жарыялады. Ага ылайык аталган шаардагы согушкерлердин баары куралсызданышы керек. АКШнын командачылыгы кокус Фаллужадагы согушкерлер куралсызданбаса, шаарга чабуул жасалаарын эскертүүдө.

Багдаддан көп анча алыс эмес аралыкта жайгашкан Фаллужа шаары 5- апрелден бери америкалык аскерлердин курчоосунда турат. Шаарда кеминде бир миңден ашуун сунни согушкерлери бар деп болжолдонууда. Алар менен америкалык аскерлердин ортосунда соңку он күнгө жакын убакыттан бери ок атышууну токтотуу жөнүндөгү утурумдук макулдашуу жалпысынан сакталып жатат.

АКШ аскерлеринин Фаллужаны курчоосуна марттын акыркы күнүндө төрт америкалыктын өлтүрүлүп, алардын денелеринин мазакталышы түрткү берген эле. АКШ тарап ошол кылмышкерлерди таап берүү талабын койгон. Шаар курчоого алынгандан бери бул жердеги тирешүүнү кан төгүүсүз жөнгө салуу максатында Ирактын Башкаруу кеңешинин, Фаллужанын аттуу-баштуу адамдарынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан болчу. Ал эми өткөн аптанын соңунан бери Фаллужанын жергиликтүү лидерлери менен түз сүйлөшүүгө америкалыктар да катыша баштаган. Дүйшөмбү күнү кечке жуук коалициянын өкүлү Дэн Синор сүйлөшүүгө катышкан тараптар алгачкы макулдашууга жетишкенин жарыялады:

- Кабыл алынган коммюникеге ылайык баардык тараптар Фаллужадагы кырдаал жөнгө салынышын кубаттайт жана туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн зарыл чараларды көрүүнү убада кылат. Тараптар чыныгы тынчтык орнотулмайынча олуттуу кагылышуулар кайра жана өтө кыска убакытта башталаарын түшүнөт.

Дэн Синор белгилегендей жетишилген макулдашууга ылайык, шаардын көчөлөрү коалициянын аскерелери жана Ирактын коопсуздук күчтөрү тарабынан биргелешип көзөмөлдөнүшү керек. Өз тарабынан америкалык аскерлер апрелдин башындагы уруштарда шаарды таштап кеткен тургундардын үй-жайына кайтуусуна, шаарга азык-түүлүк, дары-дармектин келүүсүнө жол ачмакчы. Жаракат алгандардын ооркуналарга тоскоолдуксуз баруусуна, каза тапкан адамдарды туургандары каалаган жерине көмүүсүнө мүмкүндүк берилет.

Бирок командачылыктын башкы талабы - Фаллужадагы сунни согушкерлеринин кураласыздануусу. Алардан ириде оор куралдарын: пулемот, гранатомет, минометторун, снайпердик мылтыктарын, ракеталык комлекстерин тапшыруу талап кылынууда. Куралдарын өз эрки менен өткөргөндөр жазаланбайт.

Бул иштин натыйжасы эми Фаллужанын жергиликтүү лидерлеринин шаардагы согушкерлерди кураласызданууга ынандыра алышына жараша болмокчу. Америкалык расмий өкүлдөр алар мындан күмөсүнүп жатканын жашырышкан жок. Согушкерлердин куралсыздануусу арсар экенин айрым эксперттер да айтышууда. Лондондо чыгуучу, аскерий маселелерге адистешкен "Jane's Defense Weekly" журналынын редактору Ян Кемп "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген маегинде мындай деди:

- Согушчан топтор иш жүзүндө куралын таштоого бараары күмөндүү. Алар үчүн куралсызданууга шыктандырган кандайдыр бир жүйөө жок. Демек, аскерий чара көрүүлөрү тууралуу кайрадан жасалган эскертүү бул топторду куралсызданууга мажбурлабайт.

Ал эми Ирактын Башкаруу кеңешинин өкүлдөрү Фаллужанын аттуу-баштуу адамдары соңку күндөрү бул жерде америкалык аскерлерге каршы кол салууларды азайта алганын эске алганда, эми алар согушкерлерди да куралсызданууга көндүрө алаарынан үмүттөнүшүүдө. Ирактагы америкалык аскерлердин командачысынын орун басары, генерал Марк Киммиттин ырастоосунда, эгер согушкерлер куралсызданбаса, аскерлер Фаллужада операция жүргүзүүгө даяр.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG