Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Германиянын тышкы иштер министри Ооганстанды кыдырууда


Кечээ Йошка Фишер өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз шаарында болуп, эларалык коомчулук Ооганстандагы кайра куруу аракеттерин кол кабыш көрсөтүүнү улантаарын бышыктады:

- Эларалык коомчулук Берлиндеги конференцияда Ооганстанга каржылык гана эмес, саясий да колдоо көрсөтүүгө убада кылды. Бул - узак мезгилдүү чаралар,- деди Германиянын тышкы иштер министри.

Кундуз шаарында Фишер мында турган 300 чакты германиялык аскер менен учурашты. Кечинде ал Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен жолукмак. Ооганстандан кийин Германиянын башкы дипломаты Армения, Азербайжан, Грузияны кыдырат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG