Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

АКШнын мамкатчысы "Ирактагы коалиция бекем" деп ырастады


Учурда Ирактан Испан жана Гондурас аскерлерин чыгарып кетүүгө даярдык көрүлүүдө. Мамлекеттик департаментте Италиянын тышкы иштер министри Франко Фратини менен чогуу өткөргөн пресс-конференцияда Колин Пауэлл мындай деди:

- Ушул аптадагы окуяларга карабастан коалиция дале күчтүү деп ойлойм. Мен акыркы 48 саатта коалициянын көптөгөн лидерлери менен сүйлөштүм. Албетте, Испания менен Гондурастын аскерлерин алып келип жатканы өкүнүчтүү. Бирок мен сүйлөшкөн башка өлкөлөрдүн бардык жетекчилери чечкиндүү колдоо билдиришти.

Испания ушул аптада Ирактагы 1300 аскерин алты аптанын ичинде чыгарып кетээрин жарыялады. Испаниянын командачылыгында кызмат өтөп жаткан Гондурастын 370 аскери да келээрки айларда чыгарылат.

АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин билдиришинче, Ирактагы америкалык 135 миң аскердин саны көбөйсө көбөйүп, бирок азайтылбайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG