Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ ЖАГДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага 21-апрелде эртең менен Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында төрт жардыруу болуп, андан алтымыштан ашык адам набыт кетти. Америкалык аскерлер курчоого алган Фаллужа шаарында дагы куралдуу кагылышуулар болду, ал эми Муктада ас-Садр жашынган Нажаф калаасын курчаган америкалык аскерлер шаарга кирбей турат.

21-апрелде эртең мененки саат жетиден өткөндө Басра шаарындагы үч полиция түйүнүнүн жанында удаасы менен үч бомба жарылды. Андан көп өтпөй шаардын чет-жакасындагы дагы бир коопсуздук түйүнүндө жардыруу чыкты. Бардыгы болуп алтымыштан ашык адам набыт кетти, алардын бир тобу жаш балдар - алар атайын автобус менен мектепке бараткан. Жараат алгандардын саны 230-дан ашык.

Ирактын ички иштер министри Самир Сумаидинин айтымында, жардырууларды уюштурган террорчулар өлкөдө баш аламандык башталса деп көздөйт, бирок ирак эли баары бир демократия курат жана кылмышкерлерди таап-жазалайт. "Террорчулар Иракты мыйзамсыздыктын караңгы түнүнө жана хаоско батыргысы бар. Өкмөт мындай чараларды кескин сындайт жана кылмышкерлерди таап, аларды соттойт. Өлкө денесин каптаган бул рак оорусун жок кылуу керек".

Басрадагы террор аракети эң кандуулардын бири болду. Буга чейин 2-мартта Багдад менен Карбала шаарларында удаасы менен болгон эки жардыруудан 181 адам набыт кеткен. 10-февралда бир жанкечти Искандария шаарында өзүн өзү жардырып, дагы 52 кишини ала кеткен. 1-февралда Ирбил калаасында уюштурулган эки удаа жардыруудан 109 адам өлгөн. Былтыр августтун жыйырма тогузунда Нажаф шаарындагы мечиттин алдында бомба жарылганда, 85 киши курман болгон. Алардын арасында шийилердин жетекчиси аятолла Мухаммед Бакир ал-Хаким да шейит кеткен.

Апрелдин башынан бери америкалык аскерлер курчоодо кармаган Фаллужа шаарында дагы 21-апрелде куралдуу кагылышуу болуп, ал төрт саатка уланды жана үч америкалык менен тогуз ирактык жоокер өлдү. 20-апрелде шаарга Ирактын коопсуздук кызматтары кирип, качкындар кайта баштаган. 31-мартта Фаллужада төрт америкалык жаран мыкаачылык менен өлтүрүлүп, андан соң алардын денелери мазакталгандан кийин америкалык аскерлер шаарды курчоого алган.

Ирактын дагы бир шаары - Нажаф дагы азыр курчоодо. Америкалыктарга каршы согуш баштаган Мехди армиясын түзгөн Муктада ас-Садр Нажафта жашынууда жана АКШнын эки жарым миң аскери аны курчап, бирок чатак ырбап кетеби деп чочулап, ага кирбей турат. Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы генерал Рикардо Санчестин айтымында, маселе бир топ татаал: "Эгер биз чабуул коюп, Нажаф шаарына кирсек, калаа ичинде, көчөлөрдө салгылушуулар башталышы мүмкүн, бир топ ыйык имараттар да бузулат жана ага жооп катары каршылык көрсөтүлүп, шийи мусулмандар менен биз өзүбүз каалабаган тирешүүгө такалабыз".

20-апрелде Багдад шаарындагы абакка бир нече мина атылып, алардын жарылганынан 22 адам каза тапты. Эксперттердин пикиринде, бул чабуул менен террорчулар абакта кармалгандардын америкалыктарга каршы козголоңун баштоону көздөгөн. Өлкө түндүгүндөгү Мосул шаарында болсо 21-апрелде эртең менен жарылган бомбадан бир америкалык аскер өлдү жана апрел айында эле Иракта окко учкан америкалык солдаттардын саны жүзгө жетти. "Ройтер" агенттигинин эсеби боюнча, бир жылдын ичинде Иракта 510 АКШ аскери курман болду.

20-апрелде болсо Ирактын Башкаруучу кеңеши мурдагы президент Саддам Хусейнди соттой турган трибуналды түздү. Аны жетектөөгө - Кеңештин мүчөсү Ахмад Чалабинин инилеринин бири Салем Чалаби дайындалды. Сот качан башталаары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG