Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Ош облусунун эпидемияга каршы өзгөчө абал комиссиясы Карасуу районунда көчмө жыйынын өткөрдү


ОШ. Бул көчмө жыйын СПИД илдетин пайда кылчу райондо ыкчамдык менен таралып жаткандыгынан улам анын жолун бөгөө маселесине арналды. Карасуу району боюнча 77 адам вич инфекцияга кабылган, Ош облустук СПИД борборунун башкы дарыгери маалым кылгандай, алардын ичинен Шарк айыл өкмөтүндө 23 адам, Кызылкыштак айыл өкмөтүндө 14 адам, Төлөйкөн айыл өкмөтүндө 10 адам, Кашкаркыштак айыл өкмөтүндө 8 адам, Нариман айыл өкмөтүндө 6 адам, Карасуу шаарында 2 адам, Каттаталдык айыл өкмөтүндө бир адам, анан Карасуу районунан жашыруун түрдө текшерилген 13 адам вич инфекцияга кабылган. Көчмө жыйын токтомунда вич инфекциясынын жайылышы боюнча Карасуу районундагы абал татаал бойдон калгандыгы, райондун айыл өкмөттөрүндөгү, жаштар комитеттериндеги, саламаттыкты сактоо мекемелериндеги бул багыттагы аткарылган иштер канаттандырарлыксыз экендиги, июнь айында облустук эпидемияга каршы өзгөчө абал комиссиясы кезектеги жыйынын өткөрүп, Карасуу районундагы аткарылган иштерге кайрадан баа берери белгиленди.

XS
SM
MD
LG