ЖАЛАЛАБАД. Чукул кырдаалдар министрлигинин Көкжаңгак жана Ташкөмүр шаарларындагы жоокерлери Базаркоргон жана Сузак районундагы 11 турак жайдын чатырларын бузуп, үй ээлерин көчүрүүгө жардам беришти. Мурда ссуда алышып, 1998-жылы суу ташкын болгон Көкарт дарыя жээгинен жылбай жаткан 22 атуул менен аңгемелешүү өткөрүлдү. 21-апрелде бул тууралуу билдирген тармактык башкармалык жер көчкү, суу ташкын жүрүүсү күтүлгөн жайда жашаган 1045 үй-бүлөнүн 81 убактылуу жайга көчүрүлгөнүн маалымдады. Облуста 349 үй-бүлөгө ссуда бериле элек, дагы 1012 үй-бүлө көчүүгө тийиш.
Жалалабад областынын аймагындагы кооптуу жерлерде жашагандар башка жактарга мажбурлап көчүрүлүүдө