Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

Кыргыз парламенти Венгриянын тажрыйбасына таянат


БИШКЕК. Венгриянын бир палаталуу парламентинде тартип катуу жана ал партиялык тартиптин негизинде бекемделген. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Любовь Комиссарова Венгриянын бир палаталуу парламентинин иши менен таанышып келген депутаттар үчүн БУУнун Бишкектеги үйүндө өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, Венгриянын парламенти карай турган маселелердин бардыгы 25 комитетте каралып, жактырылгандан кийин гана палатанын кароосуна жиберилет. Жалпы добуш берилүүчү дүйшөмбү күнү ишке келбей калган депутат айлыгынан ажырап, басма сөздү сынына калат. Ал эми депутат Алишер Сабировдун айтымында, азыр кыргыз парламенти эки палаталуу парламенттен бир палатага чатаксыз өтүү чараларын көрө баштады. Бир палаталуу парламентке өтүүдө Венгрия парламентинин тажрыйбасы жана ал жакка барып келген депутаттардын сунуштары жардам берет.

XS
SM
MD
LG