Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Журналисттин табышмактуу өлүмүнүн бети ачылабы?


БИШКЕК. “Алдыда эки багыт бар. Бири коррупцияланышкан кылмыштуу топтор акыйкаттык издеген журналистрдин өмүрүнө забын келтирет. Экинчиси, аларга каршы биз биригишибиз керек”. Мындай маанидеги жазылган Жалил Сапаровдун макаласын бүгүн Бишкектеги Фридом Хауз эл аралык уюму таратты. Макалада Жалалабаддык журналист Жалил Сапаров “Нур” гезитинин кабарчысы Эрнис Назаловдун табышмактуу өлүмүнө байланыштуу ар кандай аргументүү далилдерди келтирип, анын өлүмүнө кандайдыр бир кылмыштуу топ себепкер болгондугун, бул иш тууралуу кылмыш ишин козгогон Ош облустунун Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнүн иликтөө иштеринде кетирген олутту каталары чагылдырылган. Ал эми журналистин өлүмүнө байланыштуу “Агым” гезитине чыккан Мамат Сабыровдун жана “Кыргыз руху” гезитине жарык көргөн “Эрнис адам колдуу болдубу?” аттуу Мадамин Арзыкуловдун макаласын маркумдун атасы Наркул Назалов так эмес маалымат таратканы үчүн гезитти жана макаланын авторун сотко берерин билдирет. Өткөн жылы 15-сентябрда Оштун онкологиялык институтунун жанынадагы каналдан “Нур” гезитинин журналисти Эрнис Назаловдун сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери Эрнис Назаловду суу каналына өзү түшүп кетип каза болгон, деген жыйынтык чыгарышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG