Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

«Каракол» эркин экономикалык аймакта иштегендер нааразы


БИШКЕК.Бүгүн «Каракол» эркин экономикалык аймагында чарба жүргүзгөн 101 тараптын өкүлдөрү АКИ-пресс агенттигинде маалымат жыйынынын өткөрүштү. Анда эркин экономикалык аймакта иш жүргүзгөн тараптардын иштөө укугун жокко чыгаруу тууралуу аймактын башкы директорунун ушул жылдын 17-марттагы токтому тууралуу маалымат беришти. Алардын айтымында, бул токтом область гана эмес өлкөнүн жалпы инвестициялык абалына терс таасирин тийгизип, ишкерликти токтотот. «Ильфат» аттуу уюмдун жетекчиси Мархаба Шагифулинанын айтымында, Каракол шаары каттамдар аз жерде жайгашкан жана эркин экономикалык аймакта иштеген тараптар ишин токтотсо, анда элдин жакырдануусу күчөйт. Ишкерлер башкы директордун токтомун жокко чыгаруу боюнча шаардык, областтык сотко кайрылышкан. Бирок, алардын бирөө да арызды кабыл алган эмес. Ал эми областтын губернатору Токон Шайлиева аймак директорунун токтому туура экендигин, анткени, буга алардын өндүрүш ишканаларын иштетпей эле алып-сатарлык менен иш жүргүзгөндөрү негиз бергендигин буга чейин билдирген.

XS
SM
MD
LG