Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

«Пирамида» телеканалы боюнча укук коргоочу уюмдар билдирүү таратышты


БИШКЕК. «Пирамида» телеканалы көрсөтүүлөрүн метрдик диапозондо көрсөтпөй калгандыгына байланыштуу бүгүн «Интербилим» борбору, Адам укуктары боюнча кыргыз-америкалык бюро жана «Журналист» коомдук бирикмеси билдирүү таратты. Анда «Пирамида» телеканалын метрдик диапозондо көрсөтүүгө чек коюп жаткан өкмөттүн аракетин алар миллиондогон кыргызстандыктардын көз карандысыз, бейтарап маалымат алуу укугун бузуу деп баалашты. Андан тышкары коррупциялашкан саясатчылар өлкөдө мыйзамсыздыкты өркүндөтүп, совет доорундагыдай бир жактуу, эч кимге кереги жок маалыматты таратып, элди өз алдынча ой жүгүртүү укугунан ажыратып жатат деп билдиришти. Билдирүү ээлери «Пирамида» телеканалынын көрсөтүүлөрүн 10 күндүн ичинде кайра мурунку калыбында көрсөтүүнү талап кылышып, эгер бул талап аткарылбаса таасир көрсөтүүнүн башкача ыкмаларына барышаарын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG