Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

КЫРГЫЗСТАНГА ИНТЕЛЕКТҮҮ БАЙЛЫК КЕРЕКПИ? КУБАТБЕК БАЙБОЛОВ ПРЕЗИДЕНТТИН МУРАСКЕРИБИ? ЫСЫККӨЛ КОЛДОН ЧЫГАБЫ?


Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмаcы Чолпонатадагы Шериктеш өлкөлөрдүн премьер – министрлеринин саммити жөнүндө баяндады. «Общественный рейтинг» жумалыгы өлкөдөгү интернет бизнесинин келечеги жана көйгөйлөрү жөнүндө жазды.

Бейшембиде жарык көргөн «Общественный рейтинг» жумалыгында өлкөдөгү 100 саясатчынын бедели өткөн жума ичинде кандай өзгөргөнү баяндалды. “Элкат” компаниясынын президенти Александр Дудин өлкөдөгү интернет бизнесинин келечеги жана көйгөйлөрү жөнүндө кеп салды. Ушул жумалыктан кабарчысы Сыргак Абдылдаевдин иликтөөсүна караганда “өлкөдөгү жалданма киши өлтүрүүнүн бетин ачууга азыркы учурда ички иштер кызматкерлеринин кудурети жетпейт”, дейт автор. Ушул жумалыкта дагы кандай макалаларга орун берилгени тууралуу басылманын кабарчысы Канат Деркембаев буларды айтып берди:

- Эгерде өлкөдөгү жогорку окуу жайлары Валон процессине өтсө анда Европанын билим берүү системасына ылайык окуу программасын кайрадан түзүп, иштөөсү зарыл, дейт Бишкектиги экономика жана ишкерлик институтунун биринчи проректору Кеңешбек Алымбеков. Өлкөдөгү Казакстандын элчигинин иш- аракеттери жөнүндө баяндалган макала да бар. Ошондой эле өз ыктыяры менен алыскы чет өлкөлөрдө билим алып жатышкан миңден ашуун кыргызстандык атуулдарды Кыргызстанда иш менен камсыз кылуу кепилдиги барбы? Же алардын алган билими, адистиги өлкөгө керек эмеспи? Чолпонатадагы шериктеш өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу Кыргызстанга эмне пайда алып келет? Мына ушундай суроолорго окурмандар ой бөлүшөт.

Шаршембиде жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемеси «Бишкекте эле 33 май куйуучу жайы жана 7 мунайбазасы бар, өлкөдөгү күйүүчү майдын 70 пайызын ээлеген орусиялык «Альянс» мунай компаниясы акциз салыгы азайганы Борбор Азиядагы контрабанданын жолуна бөгөт боло баштады» деп жазат журналист Анастасия Волгина.

22-апрелде басууга даярдалып жаткан “Жаңы ордо” басылмасы Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов менен болгон маектешүүгө орун берүүдө. Анда ал Президент Аскар Акаевдин мураскери эместигин, болочок мураскерди оппозициядан же президенттин шакирттеринен издебей, жердешчиликке жеңдирбей, реформатор жаштардын катарынан издөө керектигин эскертет. Ушул басылмада кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу редактордун орун басары Азизбек Чамашев мындай дейт:

- Депутат Орозбек Дүйшеевдин «Каракаченин байлыгы Кумтөрдүкүнөн кем эмес» деген макаласы жарык көрүүдө. Мында өлкөдөгү көмүр кендеринин абалы, аны оңой жол менен менчиктештирип алгандар, Каракеченин байлыгы өлкө үчүн пайда бербей жаткандыгы жөнүндө сөз болот. Мындан сырткары «Бишкек баатырды актоо эмес, тарыхты тактоо» деген КМУУнун аспиранты Аслан Сартпаевдин макаласына орун берилүүдө.
Ал эми 22- апрелде чыгууга даярдалып жаткан «Учкун» басылмасында белгилүү окумуштуу, социология илимдеринин доктору Кусейин Исаевдин Ысыккөлдөгү эс алуучу жайлардын абалы, эл аралык туризмдин борборуна айландыруу боюнча ойлорун жарыялап жатат. Мында көл жээгиндеги айрым эс алуу жайларын Казакстан менен Өзбектандын ишкерлери сатып алып, кыргызстандыктар аларга көзөмөл кыла албай калганы, эс алуучу жайлардын тейлөөсү учур талабына жооп бербегендиги айтылат.

Ушул «Учкун» басылмасындагы айрым макалалардын мазмуну менен баш редактор Абдувахап Мониев мындайча тааныштырды:

- Дагы бир макалада өлкөдөгү трайбализмдин зыяндуулугу жөнүндө сөз болуп,муну саясатчылар ырбатып жаткандыгы айтылат. Эмне үчүн белгилүү инсандар Турдакун Усубалиев түштүктөн, ал эми Апсамат Масалиев түндүктөн депутаттык жарышка чыкпайт? Мына ушундай суроолорго жооп издейт. Парламенттин иш- аракеттери, каржылоо маселелери, келечеги тууралуу да макала бар. «Болочок депутат» деген рубриканын астында Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболовдун бейенесине сүртүмдөр берилип, анын ишмердүүлүгү, кемчилиги жөнүндө кеп болот.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG