Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

Израилдин өзөктүк технология боюнча адиси түрмөдөн чыгарылды


ИЕРУСАЛИМ. Израилде 18 жылдык түрмө жазасын өтөгөн соң өзөктүк технологиялар боюнча адис Мордехай Вануну боштондукка чыгарылды. 1986-жылы Вануну "Санди Таймс" гезити аркылуу Израилдин өзөктүк программасынын майда чүйдөсүн ачыкка чыгарган болчу. Түрмөдөн чыккан соң журналисттер менен сүйлөшкөн Вануну бир кезде кылган ишине сыймыктанып турганын белгилеп, МАГАТЭни Израилдин Димона атомдук реакторун текшерип чыгууга үндөдү.
Эл аралык коомчулукка айтаарым: Димона атомдук реакторун ачтырып, текшерткиле. МАГАТАнин башчысы ЭлБарадей Димонанын келип иликтеп чыгуусу керек, - деп айтты ал.
Азыр 50 жашка чыккан Вануну дагы да болсо жашыруун мамлекеттик сырларды билген адис болуп саналат. Ошондуктан ага өлкөдөн чыгууга жана чет элдиктер менен байланыш түзүүгө тыйуу салынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG