Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Келерки жумада Ливиянын президенти Моаммар Кадафи Брүсселге визит жасайт


БРҮССЕЛ. Келерки жумада Ливиянын президенти Моаммар Кадафи Брүсселге визит жасайт. Бул жөнүндө бүгүн Бельгиянын тышкы иштер министрлиги билдирди. Каддави Еврокомиссиянын төрагасы Романо Проди менен катар Бельгиянын премьер-министри Гый Ферховштадт менен жолугушат. Эл аралык санкциялардын кесепеттерин жойуп жаткан Ливия кыргын салуучу куралдарды чыгаруу боюнча программасынан толук баш тартууга даяр экенин билдирип, бул жараянда эл аралык инспекторлорду жардамын сураган. Эл аралык коомчулук муну ак ниет кызматташууга карай жасалган кадам катары сыпаттоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG