Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Палестин автономиясында рейд жасаган израилдик аскерлер жети палестинди өлтүрүп салышты


ГАЗА. Бүгүн Газа тилкесине аскердик рейд жасаган израилдик аскерлер жети палестинди өлтүрүп, 40 тай палестинди жарадар кылышты. Курман болгондордун ичинде 13- жашар бала да бар. Израилдик аскерлер рейддин учурунда жөөт кыштактарына чабуул койуп жаткан палестиндердин таканчык пункттарын жок кылуу максатын көздөшкөнүн билдирди. Алар ошондой эле курал көтөргөн, же бомба орноткон ар бир кишини мээлешкенин айтышкан. Кечээ ушул эле аймакка жасалган рейддерде төрт палестин курман болгон эле. Палестин автономиясынын өкүлү Заеб Эракат алдыда мындан да чоң жамандык болорунан чочулап турганын айтты.

XS
SM
MD
LG