Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:17

Польша Ирактан аскерлерин чыгарып кетүү мүмкүндүгүн караштырууда


ВАРШАВА. Польшанын премьер-министри Лежек Миллер Польша Ирактан аскерлерин чыгарып кетүү мүмкүндүгүн караштырып жатканын билдирди. 2-майда кызматтан кетип жаткан Миллер анын ордуна келе турган киши Польшанын Ирактагы стратегиясын кайра карап чыга турганын айтты. Анын аралыгында, Италиянын премьер- министри Сиьвио Берлускони Ирактагы бийлик ирактыктардын өздөрүнө өткөрүлүп берилгенден кийин да Италиянын аскерлери Иракта кала бере турганын бышыктады. Ушундай эле маанидеги билдирүү жасаган Автралиянын премьер-министри анын өлкөсү Иракта өз вазыйпасынын өтөлүнө чыкканга чейин кала бере турганын айтты, ошону менен бирге эле өлкөгө кошумча аскер жиберилбей турганын кошумчалады. Австралия Иракка 2000 солдатын жиберген эле, бирок азыр Иракта анын 850дөй гана аскери бар. Мындан мурда Испания, Гондурас жана Доминикан республикасы Ирактагы аскерлерин чыгарып кетерин жарыялашкан. Иракта Испаниянын 1300, Гондурастын 370 жана Доминикан республикасынын 300дөй солдаты кызмат өтөөдө.

XS
SM
MD
LG