Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

ЖОН НЕГРОПОНТЕ АКШнын ИРАКТАГЫ ЭЛЧИСИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ


АКШнын БУУдагы миссиясынын башчысы Жон Негропонтенин Иракка элчи болуп дайындалышы Улуттар Уюмунун Ирактагы ролунун кеңейтилишине Ак Үйдүн чоң маани берип жаткандыгынын ишарасы катары бааланып жатат. Негропонтеге жогорку дипломатиялык орундун ыйгарылышы анын жеке жетишкендиктерине жана бай тажрыйбасына да байланыштуу.

Жон Негропонте АКШнын Латын Америкадагы, Азия жана Европадагы дипломатиялык миссияларында жогорку кызматтарды ээлеп келген. Үч жылга жакын убакыттан бери ал Вашингтондун БУУдагы элчиси болуп эмгектенди.

Анын ысымы өзгөчө Ирак кризиси учурунда кеңири коомчулукка таанылган. 2002-жылдын ноябрында БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иракка жаңы инспекциянын жиберилишин жактап, добуш бергенде, эксперттер муну америкалык элчинин дипломатиялык жеңиши катары баалашты.

БУУнун расмий адамдары Негропонтенин дипломатиялык чеберчилиги Ирак боюнча консенсус таап, Вашингтондун шериктери менен мамилелерин жөнгө салуу багытында жакшы жемиш берди дешүүдө.

БУУнун баш катчысы Коффи Аннан жана Коопсуздук Кеңешине кирген бир топ башка дипломаттар Негропонтенин профессионалдуулугун жогору баалашты. Аннандын басма сөз катчысы Фред Экхард шейшембиде ырастагандай баш катчы Негропонте менен мындан ары да жакындан кызматташууга ниеттенүүдө:

- Аннан менен элчи Негропонте биргелешип аткара турган көптөгөн иштер бар. Андыктан Аннан президент Буштун тандоосун өтө ылайыктуу деп эсептейт.

Германиянын БУУдагы элчиси, Коопсуздук Кеңешинин азыркы төрагасы Гюнтер Плойгер Берлин менен Вашингтон Ирак маселеси боюнча башынан нечендеген пикир келишкепстиктерди кечирсе да, эки дипломаттын өз ара мамилесине көлөкө түшүргөн жок дейт:

- Негропонте өтө тажрыйбалуу дипломат, аны менен достук мамилебиз бар.

АКШнын Сенаты Негропонтенин дайындалышын бекитсе, ал өз кызматын 1-июлдан тартып аркалай баштайт.
Вашингтондун Багдаддагы миссиясы 3 миңге чамалаш аскерий эмес адамдан турмакчы.
Мындан тышкары элчи 150 миң аскерди башкарган АКШнын Ирактагы командачылыгы менен байланышта болмокчу.
Ирактын америкалык администратору Пол Бремер негизинен коргоо министрлигине баш ийсе, жаңы элчи Мамлекеттик департаментке карайт.

Негропонте Ирактын жаңы өкмөтүнө аккредитацияланат, бирок ошол эле мезгилде, Вашингтондун элчиси Багдад администрациясынын негизги кеңешчиси болуп калмакчы. Салыштыра кетсек, АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Халилзад дагы иш жүзүндө Хамид Карзайдын ишенимдүү масилиетчиси.

Америкалык дипломат Уильям Луерс Негропонтенин Ирактагы ролу бир топ эффективдүү болот деп болжолдойт:

- Ал кыйын мамилелерди жөнгө салууда өтө компетенттүү. Менимче, президент жана мамкатчы Негропонтени ушул сапаттары үчүн тандашты. Ал өзүнүн жеке амбицияларын таштап, аткарчу ишин аткарат.

Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору Эдвард Лак Негропонтенин Багдадда элчи болуп дайындалышы, Вашингтон БУУнун Ирактагы ролун кеңейтүүнү каалайт дегенге жатат деп ырастайт.

Ал аралыкта, БУУнун өкүлү Брахими Нью-Йоркко жол тартты. Бархими Коопсуздук Кеңеши жана Аннан менен Ирактын өткөөл өкмөтү боюнча консултация өткөрмөкчү. Убактылуу өкмөт боюнча план макулдашылгандан кийин Вашингтон Ирактагы бийликтин өткөрүлүп бериши жана америкалык аскерлердин ролу боюнча жаңы резолюциянын долбоорун Коопсуздук Кеңешинин кароосуна сунуш этмекчи.

XS
SM
MD
LG