Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

Сауд Арапстандын борборунда жарылган бомбадан төрт киши набыт кетти


Мурдагы кабарларда алардын саны бери дегенде тогуз кишиге жетет деп айтылган эле. Полиция тактаган маалыматтарда жарадар болгондор 150 адамга жакын экени айтылууда. Ирактагы жана Сауд Арапстандагы окуяларды АКШнын президенти Жорж Буш кескин айыптады. Терроризмди биротоло жок кылуу үчүн эмне кылуу керек деп көп сурашат, деп айтты Буш. Мунун узак мөөнөттүү чарасы бар, ал-эркиндик. Эркин коом эч качан террорго умтулбайт. Эркин коом – баракат коом, мындай коом өз мүчөлөрүнө жакшы келечек үчүн үмүт жана шарт түзөт, деп кошумчалады Буш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG