Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

БУУнун ИРАКТАГЫ КОРРУПЦИЯГА ТИЕШЕСИ БАРБЫ?


БУУнун Коопсуздук Кеңеши уюмдун “Мунай үчүн азык-түлүк” деп аталаган долбоорун ишке ашыруудагы мыйзам бузууларды иликтөө үчүн комиссия түзүүнү чечти. Коопсуздук кеңеши мүчө мамлекеттерге кайрылып, Пол Волкер жетектеген комиссия менен кызматташууга чакырды. Бирок кээ бир өкмөттөр ошол программадан киреше алып турган деген божомолдон улам, алардын жардамы канчалык эффективдүү болоор экен? деген суроо жаралууда.

“Мунай үчүн азык-түлүк” долбоору 1996-жылдын декабрында түзүлүп, экономикалык санкциялардан жапа чеккен Ирак калкына жардам көрсөтүүнү көздөгөн. Өлкөгө жиберилген гуманитардык жардамдын ордуна Багдад мунайын айырбаштап келген. Бул БУУнун тарыхындагы эң ири программа болгон.

Бир нече жылдан бери долбоорду ишке ашырууда коррупция фактылары, бир топ мыйзам бузуулар кетирилген деген имиштер айтылып жүргөн. Жылдын башында Багдадда чыгуучу “ал-Мада” басылмасы ошол кептерди кайрадан жандантты. Гезит Ирактын мамлекеттик мунай мекемесинен контракт алган чет өлкөлүк 270 чиновниктин жана компаниянын ысымдарын жарыялаган. Басылманын жоромолунда алар ортомчу аркылуу мунайдын сатыгынан түшкөн кирешеден үстөк алып турушкан.

“Ал-Маданнын” ырастоосунда, ошол чиновниктердин катарында “Мунай үчүн азык-түлүк” программасынын жетекчиси Бенон Севан дагы бар. БУУнун жогорку даражалуу дипломаты болсо мындай айыптоолорду четке кагып келатат.

Бул чуулганды иликтөө үчүн шаршембиде атайын комиссия түзүлдү.
БУУнун баш катчысы Кофи Аннан аны жетектөөгө АКШнын борбордук банкынын мурдагы төрагасы Пол Волкерди дайындады.
Шаршембиде өткөн пресс-конференцияда Волкер БУУнун аброюн калыбына келтирүү үчүн толук иликтөө жүргүзүлүшү керек деп билдирди:

- Бул чатактын ырбап кетишин күтүп отура бербестен, изилдөө өткөрүү зарыл. Анын жыйынтыгы БУУда чындап эле терс көрүнүштөр бар экенин ачыкка чыгарса, алардан арылыш керек.

Комиссия Ирак мунайын дүйнөлүк базарга чыгаруу жана өлкөгө гуманитардык товарларды жеткирүү жаатында контракт алган фирмалар жана расмий адамдар менен жолугушат деп күтүлүүдө.
Баш катчы Аннан БУУнун имунитети коррупцияга малынган чиновниктерди жазалоого жолтоо болбойт деп ынандырды.

Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын бузган мамлекеттерди аныктоодо уюмдун буга чейин түзүлгөн комиссияларынын иши жакшы натыйжа алып келген. Маселен, мындан үч жыл илгери Африканын айрым өлкөлөрү менен мыйзамсыз курал-жарак жана алмаз менен соода кылган мамлекеттердин бети ачылган.

Арийне, жаңы иликтөө Коопсуздук Кеңешине кирген 15 мамлекеттин, өзгөчө анын туруктуу беш мүчөсү арасында да жүргүзүлмөкчү. Маалым болгондой, Франция, Россия жана Кытай Иракка каршы киргизилген санкциялардын жеңилдетишин жактап келишкен. АКШ менен Британиянын кээ бир дипломаттарынын ырастоосунда, Париж жана Москва мунайдын баасын реформалоого караманча каршы болгон. Мындай чара паракорлукка бөгөт кою максатында сунуш этилген дешет америкалык дипломаттар.

Волкер бул жерде саясий өңүт да бар экендигин жокко чыгарбайт:

- Кээ бирлери бизге конструктивдүү жардам берет, башкалары, тескерисинче, маалыматтарды жаап-жашырышат.

Соңунда белгилей кетели, азыркы чатакка карабай, Кофи Аннан айткандай, “Мунай үчүн азык-түлүк” программасы катардагы ирактыктрага бир топ эле жардам берди. Бул жаатта БУУнун миңдеген кызматкери чың жүрөктөн эмгектенди, - деди Аннан.

XS
SM
MD
LG