Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:25

БЕЛОРУС ЭМИ «БИРДИКТҮҮ ЭКОНОМИКАЛЫК МЕЙКИНДИК» КЕЛИШИМИН БЕКИТЕБИ


Төрөкул Дооров, Москва Ушул жумада Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин алкагында дагы бир регионалдык уюм ишке кирише баштады. Өткөн жылдын сентябрында Ялтада Орусия, Беларус, Украина жана Казахстандын президенттери «Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти» түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Эми алардын парламенттери аталган келишимди жактырышты, бирок баары эмес…

Украина, Орусия жана Казахстандын парламенттери ортодогу соода-экономикалык кызматташтыкты жөнгө салууга багытталган «Бидиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү тууралуу» (БЭМ) келишимин ратификациялашты. Аталган келишимге ылайык, анын мүчөлөрүнүн ортосунда бажы жана чек-ара кызматтарынын иштери жөнөкөйлөтүлгөн бирдей эрежелерге негизделип, ортодо транспорттук каттамдар менен жумушчу күчү эркин каттоого укук алат. Анын натыйжасында, ич-ара соода сатыктын өнүгүшүнө кеңири жол ачылышы керек.

Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине мүчө Беларус азырынча аталган келишимди ратификациялай элек.

Казахстандын парламенти- Мажилисте келишим шаршемби күнү эрте менен бекитилди. Окуяга кайрылган казак парламентинин өкүлү Амангелди Айталы төмөнкүчө ой бөлүшөт:

- Негизи, биз бул өңдүү көптөгөн уюмдарга мүчөбүз. Бирок ошол уюмдарга киргендердин иш-аракеттери көп учурда алардын «таттуу сөздөрүнө» уйкашпай жатат. Мисалы, Орусия анын аймагынан өткөн казакстандык товарларга, май болобу, газ болобу, өтө жогору суммадагы тарифти талап кылат. Ошондуктан, эркин экономикалык мейкиндикти түзүүдө да ар бирибиздин жеке кызыкчылыктарыбызды унутта калтырбашыбыз керек.

Орусиянын Мамдумасы менен Украинанын Жогорку Радасы келишимди жумурияттардын жеке кызматташтыгына тиешелүү дагы эки башка документтер менен кошо шейшемби күнү дээрлик бир эле убакта бекитишкен.
Орусиянын тышкы иштер министри С.Лавров:

- Ратификацияланган баардык келишимдер Орусиянын да, Украинанын да жеке кызыкчылыктарына жооп берет.

Мамдуманын төрагасы Б.Грызлов:

- Бул келишимдин пайдалуу жактарынын бири - ага мүчө жумурияттардын экономикасында кандайдыр бир жаңы иш-аракеттерди баштоого да жол ачат.

Келишимдери ратификациялоо учурунда, Орусия менен Украинанын чекарасына тиешелүү документтерди жактырууга каршы чыгышкан Коммунистик партиянын жана «Атамекен» партиясынын өкүлдөрү добуш берүүдөн баш тартышты.

Украинанын Жогорку Радасында да талкууга коюлган маселелерге кошулбагандар аз болгон жок. «Биздин Украина», Социалисттик партия жана Юлия Тимошенконун блогу бул жараянга катышышкан жок. Украина парламентиндеги «Биздин Украина» оппозициялык партиясынын өкүлү Олег Тьянебок шейшембиде Украинанын бул келишимге кошулуусун «мамлекет көз карандысыздыгы үчүн кооптуу» көрүнүш катарында баалады:

- Украина бүгүн өзүнүн улуттук кызыкчылыктарынан тайгандыгын көрсөттү. Анткени Украина кол койгон бул келишимди «советтик документ» катары кабыл алса болот жана ал өлкөнүн экономикалык көз карандылыгына коркунуч туудурат. Бул «эркин экономикалык аймак» дегенди эмес, бажы тосмолорунан жана чек-арадан айрылуу дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан, мен келишимди бекитүүнү Укранинанын улуттук кызыкчылыктарын сатуу деп түшүнөм.

Ал эми Украина өкмөтүнүн төрагасы Виктор Янукович бул ойго кошулбайт. «Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин» ишмердүүлүгү, анын пикиринде, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелеринин негизинде иштелип, Украина менен Орусиянын келечекте аталган уюмга мүчөлүккө кабыл алынышы үчүн жол ачышы керек.

Украин премьер-министринин ишениминде, үстүбүздөгү жылы Украина менен Орусия ортосундагы сооданын көлөмү дагы 5млрд. АКШ долларга өсүп, 15млрд.доллардан 20млрд.долларга жетет.
XS
SM
MD
LG