Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Талас областтык ички иштер башкармалыгынын өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы басма сөз жыйында жарыяланды


ТАЛАС. Жыйында облустук башкармалыктын начальнигинин орун басарлары Абдылдаев жана Ырсалиев маалымат беришти. Талас облусу боюнча 2003-жылы болгон өтө оор кылмыштардын 66 пайызынын, мүлк урдоонун 75, мал уурулуктун 52,6, белгисиз кырдаалдарда жасалган кылмыштардын 67,5 пайызынын бети ачылган. Басма сөз жыйынында милиционерлерге байланыштуу терс фактылар жөнүндө да сөз болду. Манас райондук милициясынын мурдагы начальнигинин үстүнөн кылмыш иши ачылып, облустук прокуратура тергөө жүргүзүүдө. Ишинен кемчилик кетиришкен сексенден ашуун милиционерге ар кандай административдик чаралар көрүлгөн. Бирок, кылмышка шектүү деп кармалгандарды уруп-сабаган, пара алган милиционерлерден азырынча колго түшкөндөрү боло электиги айтылды.

XS
SM
MD
LG