Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:56

Диний экстремизмге бөгөт коюу аракеттери Жалалабадда талкууланды


ЖАЛАЛАБАД. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен мусулмандардын диний башкармалыгы өткөргөн семинарга катышкан имам молдолор саясий максатты көздөгөн "Хизб-ут Тахрир" уюмунун таасиринен сактоо үчүн жаштарга исламдын асыл сапаттарын үйрөтүүгө чакырышты. Жашыруун уюм мектеп жашындагы жана жумушу жок атуулдарды өз тарабына көп тартууга аракеттенип жатканы жана ага киргендер тарбия жолу менен гана кайтарылганы тууралуу далилдер келтирилди. Улуттук коопсуздук жана укук коргоо адистеринин түшүндүрмөсү боюнча, азыр идеологиялык күрөш жүргүзгөн бул уюмдардын аракети кооптуу. Жыл башынан бери облустун Жалалабад, Сузак, Аксы шаар, райондорунан уюмдун баракчаларын таркаткан 12 адам кармалып, анын тогузуна кылмыш иши ачылган жана үчөөнө эскертүү берилген.Облус боюнча ал уюмдун таасирине миңден ашык адам бар деген божомол бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG