Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Баткен областы менен Тажикстандын Согди областынын жетекчилери Баткенде жолугушту


БАТКЕН. Анда эки облустун облустук акимчиликтериндеги бөлүмдөрдүн башчылары, айрым өнөр жай ишканаларынын жетекчилери эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Талкуу учурунда биргелешкен ишканаларды түзүү, кайра иштетүү тармагын жандандыруу, Баткен шаарына соода жана маданий борбор куруу тууралуу сунуштар айтылды. Мындан сырткары мектеп окуучуларына эки тараптуу саякаттарды уюштуруу, жаштар арасында спорттук мелдештерди жана маданий иш чараларды тез-тез өткөрүп туруу жөнүндө сөз болду. Акырында биргелешип иштөөнүн башаты болгон бул жолугуушуда эки тарап үчүн тең ыңгайлуу сунуштар айтылганы, эми аларды ишке ашырууга киришүү керектиги белгиленди.

XS
SM
MD
LG