Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

«Эт» комбинатынын жатаканасынан куулгандар дагы көчөдө


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги «Эт» комбинатына тиешелүү жатаканадан куулуп чыккан атуулдар менен ишкананын жетекчилиги жолугушту. Анда ачык асман астында жашап жаткан тургундар жатаканага кайра кийрүүнү өтүнүштү. Айрымдары башка жайга жайгаштырып, жатаканадан күч менен кубалап чыккан учурда талкаланган буюм-тайымдары үчүн акча төлөп берүүнү талап кылышты. «Бишкекэт» комбинатынын мурдагы директору Замирбек Эсенаманов жатакана эч кимге берилбестигин, андан үй алууга комбинаттын 120 жумушчусу кезекте тургандыгын билдирип, атуулдарды жер алууга үндөдү. Ал эми талкаланган буюмдары үчүн каражатты куулган атуулдарга жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн «Якор» аттуу фонддо которуп берерин кабарлады. Үйсүз атуулдардын көйгөйүн 23-апрелде Ленин райондук акимчилик карайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG