Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Транзиттик байланышка мүмкүнчүлүк ачылат


БИШКЕК.Казахстан, Кытай, Пакистан, Кыргызстан жүк ташуу багытындагы транзиттик каттам боюнча түзүлгөн келишим үстүбүздөгү жылдын 15-майынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу бүгүн Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти. Үрүмчүдө түзүлгөн келишимге ылайык, 4 мамлекетке жүк ташып жеткирүү үчүн жылына 200 атайын уруксат кагазы берилет. Кытайдын аймагы аркылуу Кыргызстандыктар Пакистанга жана Карачи шаарындагы кеме токтоочу жайга жүк ташып жеткирүүгө, деңиз каттамына чыгууга мүмкүнчүлүк алышы күтүлүүдө. Төрт тараптуу транзиттик жүк ташуу келишимин кабыл алуу алгач 1994-жылы Пакистандын Кирдик шаарында макулдашылып, 1996-жылдын март айында Исламабадда тиешелүү министрликтер тарабынан кол коюлган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG