Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Ишембиде айрым министрликтер электр жарыгысыз калышы мүмкүн


БИШКЕК. Электр энергиясына карызы бар айрым министрликтерге электр жарыгын берүү ишембиде убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн “Түндүк электр” акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда “Түндүк электр” ишканасына Саламаттык сактоо министрлиги 3 жарым млн. сом, Юстиция мнистрлиги 12 млн.сомдон ашуун, Коргоо министрлиги 5 млн.сомго жакын, Суу депертаменти 152 миң сом карыз болушкан. Саламаттык сактоо министрлигинин оорукана, бейтапканаларына электр жарыгы үзгүлтүксүз берилгени менен жетекчилер отурган кеңселерге жарык берүү токтотулат. Бүгүнкү күнү “Түндүк электр” ишканасына республикалык бюджеттен каржыланган тараптар 40 млн. сом, жергиликтүү бюджеттегилер 43 млн. сомдон ашуун карыз.

XS
SM
MD
LG