Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Дүйнөлүк банктын миссиясы Бишкекте


БИШКЕК. Бул күндөрү Бишкекте Дүйнөлүк банктын «Чарба ичиндеги сугат» аттуу долбоорун ишке ашырууну баалоочу миссиясы жүрөт. Мындай маалымат бүгүн Каржы министрлигинен алынды. Ал кабарга караганда, 2003-жылдын аягында Дүйнөлүк Банктын миссиясы долбоор абдан жай ишке ашып жатат деген бүтүмгө келип, аны тездетүү боюнча бир канча чараларды сунуштаган. Анын негизинде Кыргызстандагы сууну пайдалануучулар ассоциациясынын ичинен 80и тандалып алынып, ар бир областта реабилитациялоо топтору түзүлгөн. Курамына инженер-куруучу, долбоорчулар кирген топ бардык сугат жайларын реабилитациялоону көзөмөлгө алып жатышат. Долбоорду ишке ашыруунун азыркы абалына акыркы баа 30-апрелде боло турган жыйында айтылат.

XS
SM
MD
LG