Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Шанхайда ЭСКАТОнун сессиясы өтүүдө


БИШКЕК. 22-28-апрель күндөрү Кытайдын Шанхай шаарында БУУнун Азия жана Тынч океан жээгиндеги мамлекеттер боюнча социалдык жана экономикалык комиссиясынын 60-сессиясы болот. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалымадоосу боюнча, ага Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов катышат. Сессияда бир катар маанилүү маселелер каралып, Азиялык чоң жол тармагын куруу тууралуу өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлат. Маалыматка караганда, жол курулса Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандын чоң дүйнө менен ажырымы жоюлат. ЭСКАТО комиссиясынын тутумуна дүйнөдөгү 60 мамлекет кирет жана ал Азия жана Тынч океан жээгиндеги мамлекеттердин социалдык-экономикалык кыйынчылыктарын жоюуга көмөк көрсөтүп келет. Сессия маалында Аскар Айтматов Кытайдын Тышкы иштер министри Ли Чжаосин менен жолугушат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG