Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРТИП КОРГОО ОРГАНЫ КОРРУПЦИЯЛАШКАНБЫ?


Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүн карайт. Ага эмне өбөлгө болду?

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны бул маселени кароого көптөн бери даярдык көрүп жүрөт. Палатанын депутаты Алымбай Султановдун айтымында, буга өлкөдө кылмыштуулуктун, анын ичинде акыркы кезде буйрутма менен киши өлтүрүүлөрдүн көбөйүп кеткени жана алардын биринин да бети ачылбай жаткандыгы түрткү болду. Коомдун үшүн алган оор кылмыштардын бетинин ачылбай жаткандыгына Ички иштер кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнүн төмөндүгү жана жогорку кызмат орундарына өң-тааныштык менен ээ болуу негиз берүүдө.Ал тууралуу Алымбай Султанов:

- Оор кылмыштардын көбөйүшүнүн негизги себеби-кесипкөй кадрлардын бардыгынын төмөн жакта иштегендиги. Ал эми ал кесипкөй адамдарды жетектеген адамдардын баары кызматка өң-тааныш, таеке-жээн, куда-кудагый же башка тааныштык жол менен барышат. Алар эч убакта мындай оор кылмыштардын бетин ача алышпайт. Ачканга мүмкүнчүлүгү, күчү да жетпейт. Анткени, алар төмөн жакта иштеп көрүшкөн эмес. Кадрларды туура эмес тандоонун кесепети тийип жатат -деп билдирди.

Депутаттын айтымында, Ички иштер министрлигинде түзүлгөн мындай кырдаалдын пайда болушуна министр Бакирдин Субанбеков өзү жол берди:
Ушундан улам палата Ички иштер министринин маалыматын угуп, кадр тандоо саясатын талкуулайт жана мекеменин алдында турган кечиктирилгис милдеттерди аныктайт.

XS
SM
MD
LG