Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

АЛАЧЫКТАН КУРАЛГАН АЙЫЛ, КҮНЧЫГЫШ ӨЛКӨСҮНӨ САПАР, КӨЛ ЖЭЭГИН ЭЭЛЕШКЕ КЫТАЙЛАР КЫЗЫКДАР


Ысыккөл жээгинен 800 гектир жерди кытайлык ишкерлерге узак мөөнөткө ижарага берүү маселеси ушу тапта облус жетекчилерин ойлонтууда. Бишкектеги эт комбинатынын бүтө элек үйүн башпаанек кылып келишкен элеттиктер көчөгө куулуп чыгарылды. Президент А.Акаевдин Жапан өлкөсүнө иш сапары ийгиликтүү өтүүдө.

Бүгүнкү “Аалам” гезитинде мударис Кусейин Исаевдин “Көл прихватизацияланабы?” деген макаласы жарыяланды. Касиеттүү Көл жээгиндеги эс алуу үйлөрү, санаторий, курорт жайлары тегиз менчиктештирилип, жеке колго өтүүдө.

Басылмада Ысыккөл облус губернатору Токон Шайлиеванын гезит окурманынын сын пикирине жообу жарыяланды. Кеп Көл жээгиндеги 800 гектир жердин кытайлык ишкерлерге узак мөөнөт ижарага берилиши тууралуу жүрүүдө. Азырынча маселе так чечиле элек.

Кенжебек Арыкбаев “Ак терек – көк терек” деген макаласында айыл чарбасына тийиштүү көйгөйлөрдү козгогон. Басылмада Кыргыз тили кыймылынын Кербен, Алабука, Ташкөмүрдө өткөн марафону жөнүндө маалымат да басылган. Ушундай эле марафон эртең Жалалабад облус борборунун Барпы театрында өтөт.

“Агым” гезитинин жума күнкү санында депутат Өмүрбек Текебаевдин “Биздин жетекчилер же жалкоо, же...” деген аталышта маеги жарыяланды. “Атамекен” партия жетекчиси жаңы социализм идеясынын артыкчылыктары, карапайым калктын камын ойлогон түзүлүш, четтен келген боордошторубузга атуулдук берүү тууралуу ой бөлүшөт.

Басылманын Байсал Молдотегин деген автору “Кар көчкү, жер көчкүнү жамгыр козутат. Бийликтичи?” аттуу макаласында эмитен эле башталган саясий оюндар, бийлик менен оппозициянын абалы тууралуу пикирин ортого салат. Ушул эле темага Жумагул Касымалиев “Мониканын тили, Юлийди өлтүргөндөр жана бийлик талашы” аттуу макаласында кайрылган.

Бишкектин эт комбинатынын бүтө элек үйүнө баш калкалап келаткан айылдыктарды кантип көчөгө кууп салышканы Жамила Таштанбекованын “Алачыктан куралган айылча. Эт комбинатынан куулгандар” деген макаласында баяндалат.

“Кыргыз руху” гезитинин жаңы санында жарыяланган материалдар менен басылманын кызматкери Уулкан Токторалиева тааныштырат:

- Гезитибиздин бул санында “Кыргызгаздын” айланасындагы талаш-тартыштарды баяндаган макала жарыяланды. “Медиаимперия меен тирешкен “Пирамида” деген макала, андан сырткары “Красная Зарядагы өлүк жандарды ким ойготту?” деген макалада каза болгон адамдардын атынан жер алгандар тууралуу айтылат.

Эмилбек Момунов “Бишкек таймс” гезитинде жарыяланган макалалар тууралуу айтып бермекчи:

- Гезитибиздин бул санында “Дордой-Жуңхай” базарындагы өрт тууралуу маалымат басылды. Глобалдык экологиялык фонддун көмөгү менен Бишкекте өткөн биологиялык коопсуздукту талкуулаган конференция тууралуу жаздык. Бишкек шаары Батыш өлкөлөрүнүн эски автомашиналарынын таштандысына айланып жатканын баяндаган макалабыз да бар.

Бейшембидеги “МСН” гезити “Пирамида” телеканалынын техникалык себептен чыкпай калышынын саясий себеп-жөнүнө арналган “Телеканалды коргоо”, “Аткаминерлер, “Пирамиданы” элге кайтарып бергиле!” деген эки материалды жарыялады. Кыргызстанда жакырчылыкка каршы катуу чабуул башталганы, бирок ал азырынча жалындуу сөз, жакшы чакырык менен гана коштолуп жатканы Вячеслав Тимирбаевдин “Кедейликтин босогосу” деген макаласында талдоого алынат. “Мамлекеттин катардагы адамга аталык камкордугу катары президенттин жакырчылыкты жоюу, коррупцияга каршы туруу жөнүндөгү сөздөрүн олуттуу иш катары кабылдаш кыйын. Адам укугу менен эркиндигин сактоо жөнүндөгү чакырыктар иш менен бекемделбей, турмушка ашырылбай калууда”, деп жазат автор.

Бишкекте көбүнесе кытайлык жарандар иштеген базарлар өрттөнөрү Александр Кимдин “Өрт издин баарын өчүрө алабы?” деген макаласында баяндалат.

Журналист Эрнис Назаловдун өлүмүнүн себеп-жөнүн тергөө органдары дыкат текшербей, кылмыш ишин ачпай келатышканына “Трибуна” гезити токтолду. Журналист Алишер Токсонбаев менен Жалил Сапаров иликтөө жүргүзүшүп, Эрнис Назалов киши колдуу болуп өлтүрүлгөн деген божомолду алдыга жайышат.

Бейшембидеги “Вечерний Бишкек”, “Слово Кыргызстана” гезиттеринде президент А.Акаевдин Жапанияга иш сапары ийгиликтүү өтүп атканын баяндаган материалдарга орун берилген.
XS
SM
MD
LG