Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Ирандын өзөктүк программасын Европа лидерлери талкуулап жатышат


ЛОНДОН. Бүгүн Лондондо Британиянын тышкы иштер министри Жек Строу менен Ирандын тышкы иштер министри Камаль Харрази Тегерандын өзөктүк программасын талкуулашты. Британия өзөктүк каражаттарды иштетүү боюнча “Иран ачык иш жүргүзбөй атат” деп тынчсызданган өлкөлөрдүн бири. Кечээ Парижде Франциянын президенти Жак Ширак менен жолугушуу учурунда Харрази Иран МАГАТЭ менен кызматташтуу максатында бардык аракеттерди көрүп жатканын билдирди. Ширак өз кезегинде Париж, Берлин жана Лондон өзөктүк каражаттардан баш тартууга Тегеранды дипломатиялык жол менен ынандырууга үмүтү барын билдирди. АКШ президенти Жорж Буш дипломатиялык аракеттерди жогору баалап, бирок, Тегеранда өзөктүк бомба жасалышына жол берилбесин белгиледи:

- Менин кызматымдын бири Иранда өзөктүк куралдарга жол бербөө багытында алардын (Европа лидерлеринин) канчалык ачык-айкын иш жүргүзүп жатканына ынануу. Болбосо бул маселени Бириккен Улуттар уюмунун деңгээлинде талкуулоого туура келет.

Иран буга чейин МАГАТЭнин ядролук курал өндүрүп жаткандыгы жөнүндөгү дооматын жокко чыгарып, өзөктүк программа тынчтык максаттар үчүн иштелип жатканын белгилеген.


Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Бурулкан Сарыгулова, Прага

XS
SM
MD
LG