Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

Британия аскерлерин Иракта дагы эки жыл чамасында калтырат


ЛОНДОН. Британия аскерлери Ирактан жакынкы эки жылда кетпейт, балким, андан да көп убакыт кармалат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жек Строу Би-Би-Си радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, Иракта кырдаал акырындык менен жөнгө салынат. 30-июнда бийликти убактылуу өкмөткө өткөрүп берүү аракетин оорлотту. Бирок, бул максатка эч ким тоскоолдук кыла албайт, деди тышкы иштер министри. Анын айтымында, убактылуу өкмөткө байланышкан БУУнун жаңы резолюциясы майда кабыл алынышы керек. Бул аралыкта Римде кечээ БУУнун Ирактагы өкүлү Брахими аталган документ даяр болуп калганын белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG