Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Испания эми АКШ менен жаңы багытта кызматташат


ВАШИНГТОН. Ак үйдүн өкүлү Скот Макклеллан АКШ башында турган Ирактагы коалиция күчү кемибей турганын билдирди. Буга чейин Испания, Гондурас, Доминикан мамлекеттери коалициядагы өкүлдөрүн Ирактан чыгарып кетерин билдиришкен. Испан тышкы иштер министри Мигуэль Ангэль Моратинос кечээ Вашингтондо мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен жолугушуу учурунда терроризмге каршы глобалдык күрөштө Испания АКШ менен Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагында жаңы өңүттө кызматташтыкты улантарын убада кылды. Бул аралыкта аба күчтөрүнүн генералы Ричард Майерс чечимге ылайык Иракка 20 миң АКШ аскерин алып келүү үчүн 3 айлык мөөнөткө 700 миллион доллар талап кылынарын белгиледи. Макклелландын айтымында Ак үй кошумча мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатат. Өткөн жылы Конгресс Ирактагы аскерий аракеттер үчүн 87 миллион доллар каражатка макулдук берген.

XS
SM
MD
LG