Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Түндүк Кореяда эки поезд кагылышты


Айрым маалыматтарда бери эле дегенде үч миңдей киши же набыт кетти же жарадар болду деп айтылууда. Түштүккореялык маалымат каражаттарынын кабарларына ылайык, мунай жана газ тартып келаткан эки поезд Кытайга чукул чек ара бекетинде бет маңдай келип,кагылыша кеткен. Натыйжада күчтүү жарылуу болгон. Мындан бир нече саат мурда дал ушул жол аркылуу Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ирдин поезди өткөн эле. Ал Кытайдагы сапарын аяктап, мекенине кайтып келди. Пхеньяндан алынган кабарларда кырсык болгон жерде чукул абал жарыяланганы айтылат.

XS
SM
MD
LG